Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү түпкүлүгүндө опурталдуу

Парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү түпкүлүгүндө опурталдуу

14-октябрь, 11:29
406 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыр айрым билермандар парламенттик шайлоону келаткан жылдын февраль айында өткөрүүнү тымызын сунушташып, коомчулуктун реакциясын байкоого жем ташташты. Бул идея түпкүлүгүндө коркунучтуу. Аныгында, өкмөттүн иштей албай атканын, экономиканы көтөрүүдөгү кашаңдыгын, дагы көп кемчиликтерин жашыруу менен элди шайлоого алаксытсак, эртең баары бир отчет бере турган күн келет да. Татаал жагдай түзүлөт. Анда кантебиз? Ушул жерден тарыхка кайрылып, Курманбек Бакиевдин бийлиги учурундагы алешем мисалдарды келтирели. Кандуу режим доорунда 2007-жылы парламенттик шайлоону шашылыш өткөрүшүп, “Акжол” партиясын алдыга сүрөп чыгуу менен жаңылышкан. Кийин 2009-жылы президенттик шайлоону да мөөнөтүнөн мурда жарыялашып, күчкө салуу иретинде Бакиев кайрадан бийлигин бекемдөөгө жанталашканы эсибизде. Тилекке каршы, элдин ичинде жашоо оңолбой, саясатчыларды, журналисттерди өлтүрүү, камоо, айтор, ит көрбөгөн куугунтуктар орун ала баштаган болчу. Жыйынтыгында, карапайым калктын ичинде эбегейсиз бук толуп кеткен, акыры жарылуу менен 2010-жылы 7-апрелде кандуу төңкөрүш орун алды... Мына ушундай эски жолдун үлгүсүн албай, тарыхтан сабак алып, бийлик башкаруунун жаңычылдык жолун таап, эң башкысы, адилеттүүлүккө, сөз эркиндигине кам көргөн багытка бет алсак, акырындыкта жылыштарга жетебиз. Ансыз да түндүк-түштүк жаракасы байкалып, эл ичинде ар кандай чагымдардан улам коом экиге бөлүнүп баратканы жалганбы? Негизи иш жүзүндө иштермандыкты көрсөтүүгө убакыт келди. А саясый оюндар аркылуу көпчүлүктүн көзүн утурумдук гана убакытка бурмалайбыз, негизи арканды алыс ыргытуу парз. “Кадрлар баарын чечет” деп Сталин айтып кеткендей, бүгүн иралды тажрыйбалуу жетекчилерди жогорку постторго көтөрүү менен алдыга жылсак болот. Ал эми Абылгазиевдин өкмөтү менен алыска узабай турганыбызды бешиктеги баладан бери түшүнүп калды. Анан башканы айтып не кереги бар? Кыскасы, парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү опурталдуу, жазга карай кырдаал өзгөрүп, саясый араздашуулардан улам эл көтөрүлүп кетсе кантебиз?..


"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер