Акыркы кабарлар
» Саясат » Си Цзиньпин дагы 500 миллион доллар берет
Си Цзиньпин дагы 500 миллион доллар берет
26-январь, 11:46
1 049 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кытайдын лидери Си Цзиньпин Борбор Азия мамлекеттерине алдыңкы үч жылда экономикасын жана коопсуздугун бекемдөө үчүн 500 миллион доллар бөлүп берүүнү убада кылды.
25-январда Борбор Азиянын беш мамлекети менен Бээжиндин ортосундагы дипломатиялык алакалардын 30 жылдыгына арналган онлайн саммит өттү. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышты.
Кытай лидери быйыл коронавируска каршы 50 миллион доза вакцина берерин убада кылды. Ал Бээжин вакцина өндүрүү технологиясы менен бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалады. Быйыл эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык алакага 30 жыл болду.