Садыр Жапаровго кеңешчи болгон Акылбек Жапаров итиркейди келтирүүдө


Кечээ эле Акылбек Жапаров коррупцияга шектелип жүргөнү унутта калдыбы? “Дамас” сыяктуу үлкөн объектилери, байлыктары кайсы кирешеден улам келгенин ачыктабайбы? Өзү өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп келди го? Буга “Мыйзамсыз баюу” беренесин колдонсо болбойт беле? Кайсы бийлик болбосун, ээрден түшпөгөн бу эргулга сурак жокпу? Бакиев, Атамбаев режимдеринде түлкүдөй жойлоп, креслодон түшпөй майланышып, кошомат кылганын унуттукпу? Деги эмнени кыйратты? Айтор, суроолор көп. Натыйжада, Акылбек Жапаров премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кеңешчи болуп алды. Кедери тийип, түбүнө жетпейби? Итиркейди келтирүүдө. Садыр мырза алданып калды окшойт. Кыскасы, кадр саясатынан улам мүдүрүлүү жакшылык жаратпайт, бийликтин рейтингин түшүрөт да, туурабы?
Aryba.kg











