Исхак Раззаковдун ооматы жана трагедиясы


(Уландысы. Башы өткөн санда)
Бирок ушундай жаңы ыргакта жазылган жакшы китепте айрым бир субъективдүү пикирлер да кезигет, мисалы, “И.Раззаковдун ордун Т.Усубалиев кутумчулук кылып тартып алды” деген сыяктуу жоромол, божомолдор. Т.Усубалиев КПСС БКнын номенклатурасында турган, демек эртедир-кечтир катчылык орунга бармак. Партиялык номенклатура менен мамлекеттик башкарууда тажрыйбасы, билими жок Төрөбай Кулатов 30 жашында Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар советинин (өкмөтүнүн) төрагасы болуп дайындалса, тоодо кой кайтарып жүргөн Таштанбек Акматов Жогорку Советтин президиумунун төрагасы болуп келген эмеспи. Демек, И.Раззаковдун ооматы да, трагедиясы да ошол партиялык номенклатуранын контексинде каралганы жөн. И.Раззаков чарбаны, өндүрүштү жакшы билген, коммунисттик партияга берилген лидер болгон. Ошол эле учурда саясый каталарды кетирген. Кыргызстандагы орто жана жогорку билимдүү улуттук кадрлардын өнөр жайда, айыл чарбасында, саламаттыкты сактоо тармагында, билим берүү жана илим жаатында өтө аз (ЦГА ОПД КР. Ф. 5. Д.866.Л.2-3), экендиги аны терең ойлонткон, түйшөлткөн, ушул көйгөйдү чечиш үчүн атайын токтомдорду кабыл алган, алтургай “жогорку окуу жайларына 60-70 пайыз кыргыздар кабыл алынсын” деп квота да бөлгөн. Анын өз эли үчүн чын дилинен күйүп кам көргөн ушундай аракеттери Кремлге жаккан эмес, ага улутчулдук катары баа беришкен. Ошондон кийин кыргыз тилин орус мектептеринде окутуу чечимин өз колу менен кандай жокко чыгарса, бул чечимдерди да “ката” чечимдер катары жокко чыгарган. Ушундай “саясый каталары” анын Москванын алдындагы “күнөөсүн” көбөйтүп, кызматтан алууга шарт түзгөн. Эң негизгиси, И.Раззаковдун кызматтан алынышынын “сырларын” Н.Хрущев менен И.Раззаковдун ортосундагы жеке мамиледен издөө керек. Экөөнүн ортосунда чарбалык, партиялык иштер боюнча жана көз караштары боюнча да пикир келишпестиктер болбой койгон эмес. “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендей, Н.Хрущев ага каршы сөз айткан И.Раззаковдой курч, кыйын, таланттуу жетекчилердин “көзүн тазалап” турган.
Айталы, убагында Н.Хрущев Казакстандын дың жердүү түндүк облустарын Россиянын карамагына өткөрүп берүү демилгесин көтөргөндө министрлер советинин төрагасы Жумабай Ташенов “Казакстандын бир кадам жери берилбейт, бул Конституцияда көрсөтүлгөн өлкөнүн бүтүндүгү принцибине туура келбейт. Эгер бөлүп ала турган болсоңор, анда эл аралык сотко кайрылабыз” деп Н.Хрущевдон жалтанбай, тайманбай жооп бергенден кийин бул маселе экинчи каралбай, жабылуу бойдон калып, бирок Ж.Ташенов кызматынан кетүүгө мажбур болгон. Андан кийин Н.Хрущев Казакстандын пахта эккен түштүк облусун Өзбекстанга өткөрүп берүү идеясын көтөргөн, ага Казакстан КП БКнын 1-катчысы Д.Кунаев каршы чыкса, облустук компартиянын биринчи катчысы И.Юсупов бул демилгени колдогон. Жыйынтыгында пахта эккен райондор Өзбекстанга берилип, Д.Кунаев 1-катчы кызматынан кетип, ордуна С.Юсупов Казакстан КП БКнын 1-катчысы болуп дайындалган. (Кунаев Д.А. “О моем времени. От Сталина до Горбачева”. Алматы, “Санат”. 1992) Ушундай айныксыз далилдерден кийин И.Раззаковдун партиялык-уюштуруу иштериндеги, өлкөнүн айыл чарбасындагы кемчиликтери үчүн иштен бошотулушу бул авторитардуу режимдин бийлик эгеси Н.Хрущевдун жеке субъективдүү чечими деп гана баалоо туура. Ал эми кызматтан алынгандан кийин Кыргызстанга кирүүгө бийлик тарабынан уруксат берилбегени, бул албетте, Т.Усубалиев тарабынан болгон адилетсиз мамиле катары каралышы керек. Тарых фактылардан жана аларды интерпретациялоодон турат эмеспи, ал эми божомол, жоромолдор суу кечпейт...
Автор Кыргызстан компартиясынын съезд, пленумдарында Т.Усубалиевдин зериктирип узун доклад окуганын Т.Чынгышевдин “Воспоминания: события, люди” (2016) деген китебинен цитата алып далилдөөгө аракет кылат. Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстандын колкаптай тез-тез алмашкан отуздан ашык өкмөт башчыларынын ичинен эң чабалы Турсунбек Чынгышев, себеби, Н.Исанов кайтыш болгондон кийин кокусунан премьер-министр болгон. Ал “мамлекетти аңкоолор менен жалкоолор гана уурдабайт” деген көчө саясатчысынын деңгээлиндеги сөзү менен тарыхта калган өкмөт башчы. Анткени башкаруучулук жөндөмү жок өкмөт башчы Т.Чынгышевдин туура эмес жүргүзгөн приватизация саясатынын негизинде өзү айткандай мамлекеттик байлыкты талап-тоноо, уурдоо башталган. Ушул эскерүү китебин Т.Чынгышев өзү жазганына деле күмөнүм бар. Бир топ эле партиялык, коомдук, мамлекеттик ишмерлер, академиктер, генералдар эскерүү китептерин чыгарып жатышат. Алардын көбү бала болуп башына жүн чыкканы сабаттуу текст жазып көргөн кишилер эмес, алар жазуучуларга, журналисттерге материалдарын топтоп, калем акысын төлөп берип, буюртма менен жаздырышканын көрүп эле жүрөбүз. Кезинде Т.Чынгышев “алтын чатагы” боюнча өкмөт башчылыгынан кеткен. “Алтын чыры” боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын башында Т.Усубалиев турган. Т.Чынгышев “жазган” китебинде Усубалиевден өч алыш үчүн ар кандай негизсиз айыптарды коюп, каралоого аракет кылган. Коммунисттик съезддерде Н.Брежневди айтпаганда, Ю.Андропов, М.Горбачев деле уктата турган отчет-программа катары түзүлгөн докладдарды бир-эки саат окушчу эмес беле, авторитардык режимдин өзүнүн “салты” ошондой болгон. Бул бардык эле коммунисттик лидерлерге мүнөздүү көрүнүш. Ал эми Т.Чынгышевдин китебиндеги А.Жумагуловдун баяндамасына таянып (аны талдаганга өзүнүн билим деңгээли деле жетпейт болуш керек), “Т.Усубалиевдин айынан Кыргызстан чийки зат өндүрүүчү мамлекетке айланды” деген дооматы да негизсиз. Эмне үчүн дегенде, пландуу экономиканын программасы боюнча КПСС БКнын бюро мүчөсү Д.Кунаев жетектеген Казакстанда, КПСС БКнын бюро мүчөлүгүнө кандидат Ш.Рашидов башкарган Өзбекстанда деле абал ошондой болгон. Муну биринчи жолу Москвада КПССтин ХХVIII съездинде 1990-жылы июлда Өзбекстан Компартиясыныны 1-катчысы, Өзбек ССРинин президенти Ислам Каримов “Чем объяснить то, что Узбекистан, располагающий богатейщими сырьевыми ресурсами, уникальными природно-климатическими условиями, преобладающую часть производимой в республике продукции вывозит в качестве сырья и полуфабрикатов?
Почему душевой национальный доход вдвое ниже среднесоюзного, а уровень потребления основных потребительских товаров и услуг один из самых низких в стране?” (“Правда”, 06.06.1990) деп арай көзүн чарай кылып айтып, маселени кабыргасынан койгон. Мындай курч көйгөйлөрдү Москвада съезддин деңгээлинде көтөрүү ал кезде “белгисиз республика” деген атка конгон Кыргызстандын жетекчилеринин капарына да келе элек болчу. Партиянын Токмок шаардык комитетинин катчысы Т.Чынгышев болсо Москва менен кеңешмейин иш кылбаган А.Масалиевдин жарлыктарын аткарам деп чапкылап жүргөн кези, ал өзүнүн авторитардык режимде жашап, иштегенин деле аңдабаса керек. Чындыгында эле Өзбекстан пахта, Казакстан дан, Кыргызстан мал чарбачылыгына багытталгандыгы Москванын мамлекеттик планы болгон. Аны Т.Усубалиев жасаган эмес. Д.Кунаев, Ш.Рашидов, Т.Усубалиевдер Москвадан бекитилген пландарды аткаруучулар гана болгон. Т.Чынгышевдин ушул жагдайды түшүнүп-түшүнбөй казармалык, административдик-буйрукчул системанын кемчиликтеринин бардыгына Т.Усубалиев “күнөөлүү” деп, атайылап анын терс образын түзүүгө жасаган аракеттери анын субъективдүү эле пикири.
Жолборс Жоробековдун китебинде белгиленгендей, “Манас” эпосу боюнча албетте, И.Раззаковдун эмгеги бар. Коммунисттердин мамилеси “Манаска” карата амбиваленттүү болгон. Эпосту жыйноо, бастырып чыгаруу, орус тилине которуу иштери 20-30-жылдары колго алынып, изилдөө иштери башталган. Ошол эле учурда коммунисттик идеологияга туура келбеген эпостун идеялык катмарларын сындоо маселеси 30-жылдары эле козголгон. “Манас” эпосу боюнча биринчи илимий конференция 1935-жылы өткөрүлүп, анда К.Тыныстанов, М.Ауэзов, Е.Поливанов, Б.Исакеевдер баяндама жасашкан. “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүү боюнча Эл комиссарлар кеңешинин токтому 1940-жылы 23-мартта чыккан. Ал эми Кыргызстан компартиясынын эпостун 1100 жылдыгын 1947-жылы белгилөө боюнча токтому 1945-жылы 8-сентябрда кабыл алынган. 1946-жылдагы Ждановдун докладынан кийин өлкөдө идеологиялык күрөш курчуган. 1947-жылы Кыргызстан компартиясынын катчысы К.Орозалиевдин “Кыргызстанда тарых илимин жана адабият таанууну өнүктүрүүнүн кезектеги милдеттери” (“Соеттик Кыргызстан”, 1947, №10) деп аталган вульгардык-социологиялык макаласынан кийин Кыргызстанда идеологиялык күрөштүн оту тутанып, репрессиянын экинчи толкуну башталган. Китептеринен саясый “каталар” табылып, Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектеновдор түрмөгө камалышат. Замана агымынын өкүлдөрү Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылычтын чыгармалары, А.Токомбаевдин “Кандуу жылдар”, К.Маликовдун “Балбай” поэмалары идеологиялык жагынан “зыяндуу” деп саясый айып тагылып, тыюу салынат. Ушул мезгилден тартып “Манас” эпосуна да “чабуул” башталат. Эпостун тегерегиндеги дискуссиялардан кийин конференция өткөрүү чечими кабыл алынып, “Конференция өткөрүүнүн демилгечиси СССР ИАнын президиуму болгон ”(“Манас” энциклопедия”, 1995, 305-б.), конференцияны уюштуруу комиссиясынын төрагасы болуп В.П.Сухотин дайындалган. Исхак Раззаков эпоско каршы уюштурулган вульгардык-социологиялык сынга ачык каршы чыкпаса да маселенин илимий жол менен чечилишин туура көргөн.
“Манас” эпосунун элдүүлүгү маселеси каралган, 1952-жылы өткөрүлгөн конференцияда 25 баяндама жасалган. Москванын тапшырмасы боюнча Л.И.Климович, А.К.Боровков эпостун тагдырын чече турган негизги баяндамачылар болгон, калгандары кошумча баяндама жасашкан. Ждановчул-орозалиевчил идеологиянын негизинде эпосту “динчил, реакциячыл” деп баалаган бул негизги баяндамачыларды П.И.Балтин, Г.Нуров, Ж.Самаганов сыяктуу жергиликтүү демогогдор жандай чаап сүрөшкөн. Т.Сыдыкбеков, К.Маликов баш болгон жазуучулар эпостун элдүүлүгүн коргоп чыгышкан. Ал эми А.Токомбаев болсо, эпосту негизинен жактаганы менен С.Орозбаковдун вариантында реакциячыл катмар, диндик мотивдер көп деп эпостун негизги вариантын жокко чыгарган. Б.Юнусалиев өз сөзүндө негизги баяндамачылардын жана алардын жандоочуларынын эпоско жасалма айып таккан демагогиялык концепцияларын ишенимдүү аргументтер менен төгүндөп, эпостун элдүүлүгүн илимий негизде далилдөөгө аракет кылган. Бул фактылардан кийин белгилеп айтып кете турган бир жагдай, эгер эпостун тегерегинде идеологиялык дискуссия жүрбөсө, Б.Юнусалиев “Манас” эпосун изилдөөгө киришет беле, айтыш кыйын. Анткени 1941-45 жылдары согушта жүргөн, 1945-50-жылдары эл агартуу комиссары болуп иштеген. 1949-жылы тил илими боюнча кандидаттык ишин жаңы коргогон. Бирок эпостун үстүнөн кара булут айлана баштаганда ал өзүнүн тил илими боюнча негизги илимий ишин токтотуп коюп, “Манас” эпосун изилдеп, аны коргоого баш-оту менен киришкени – чыныгы патриоттуулуктун үлгүсү.
Эпостун элдүүлүгү боюнча конференцияда чечүүчү сөздү Б.Юнусалиев айткан деген пикирлер кыргыз окумуштууларынын арасында акыркы мезгилде көп айтыла баштады. Ж.Жоробеков да “Залкар окумуштуу К.Асаналиевден кийин бул окуяга кайрылышкан О.Сооронов, К.Бобулов (жакында бир макаласын окудум), профессор С.Мусаевдер М.Ауэзовдун деле ролун төмөндөтпөй, бирок негизги ролду Болот Юнусалиев ойногондугун далилдеп жүрүшөт. Мен да болгон материалдар менен таанышкандан кийин ушул топтун пикирин туура деп ойлойм” деген жыйынтыкка келиптир. Эми конференциядагы айыгышкан полемикага кайрылып көрөлү.
“Манас” эпосун башын канжыгага байлап, канын көөкөргө куюп коргоого киришкен К.Маликов, Т.Сыдыкбеков башында турган кыргыз интеллигенциясы, алардын каршысында турган А.К.Боровков, Л.И.Климович, Г.Нуров, П.И.Балтин, Ж.Самагановдордун вульгардык-социологиялык сын менен куралданган тобу кырдыбычак болуп кармашып жатат. Биринчи топ “Манас” элдик” деген аргументтерин ортого койсо, каршы тарап эпосто “түркчүл, исламчыл катмарлар, феодалчыл мотивдер бар” деген кызыл кекиртек демагогияны жамынып, “элдик” деген аргументти жокко чыгарып, кабыл алган эмес. Ушундай кыйын кырдаалда кыргыз жазуучуларынын эмпирикалык деңгээлдеги баяндамаларынын фонунда Б.Юнусалиевдин баяндамасы илимий-теориялык жагынан негиздүү да, ынанымдуу да болгону ырас. Анткени “Манасты” изилдеп жүргөн илимий даярдыгы бар Т.Байжиев, З.Бектенов, Т.Саманчиндер ал учурда репрессиянын курмандыгы болуп түрмөдө отурган, К.Тыныстанов менен Е.Поливанов да репрессиянын кандуу капканына чабылган, Калим Рахматуллин ооруп, дүйнө салган.
"Азия Ньюс" гезити











