Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамдын жалгыз калган караанына кейип, көзүмө жаш тегеренет...

Атамдын жалгыз калган караанына кейип, көзүмө жаш тегеренет...

27-июнь, 09:00
1 482 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзүм кырк экиге чыгып эне болсом да, үйүмдү, атамды сагынып келип кетем. Короодон кирсем атам таягы менен жер чийип отуруптур. Жаш балача сүйүнүп, бизди көздөй сылтып жөнөсө, көзүмө жаш тегеренет. Үйгө кирип чай койгону жүрөт. “Отуруңуз” деп өзүм тейлеп, чай ичип отурдук. Алып келгендеримди берсем, көп деле көңүл бөлгөн жок, азыр атама биз керек элек. Улам бир небересин эркелетип отурат. Эмне берерин билбей, «алма бар, алып чык» деп сүйүнөт. Биз үч кызбыз, эркек бала жок. Мен турмушка чыгып кеткени атам жалгыз. Апам төшөктө көпкө жатып каза болгон. Ал кезде мен болгону төрт жашта экенмин, көп эсимде калбаптыр. 

Үйдү бир сыйра жыйнап чыгайын деп тамак асып койдум. Биздин бөлмөгө кирип, бала кезим оюма түштү. Атам ушу чоң күзгүнүн алдына мени отургузуп алып, чачымды өрө албай убараланчу. Бүткөндө бири өйдө, бири ылдый болуп калчу, мен болсо шыпшынып жактырбай сүйлөнөм. Атам байкуш күнөөлүү болуп оңдомуш болот. Ошентип жүрүп атам да чач өргөндү үйрөндү. Жалгыз иштеп бизди бакты, окутту, күйөөгө узатты, кем кылбай бир туугандары менен кудаларын да тосуп алды. “Атама аял алып берели” дегенде мен боздоп жатып калгам, атам да болбой койгон, көрсө, биздин көңүлүбүзгө караган тура кургур. Кийин түшүнүп, кемпир алып бергенбиз, чогуу отуруп чай ичкен киши болуп, ээрчишип айылчылап жакшы болуп калган. Бирок көп жашаган жок, так апамдыкындай оору менен ооруп каза болуп калды. Атам дагы жалгыз калды, экинчи жолу жакын кишиден айрылган катуу сокку болду окшойт, үйлөнбөйм деп койду. 

Азыр ошол кезди эстеп, бир чети сагынып ыйлап алдым. Апам каза болгон кезде атам деле жапжаш тура, үч кызды багыш, үй тиричилиги аябай эле оор болуптур. Кир жуугучка баарын аралаштырып жууган экен, мектепке кийген ак көйнөктөрүбүз баары боёлуп калыптыр. Кийинчерээк улуу эжем жардам берип жүрүп, көп нерсени үйрөндү. Атам жумуштан келгиче бизди карап тамак бышырып, эжемди да турмуш жакшы эле ийледи. Кийин турмушка чыкканда кайненеси “апасынын тарбиясын көрбөсө да аябай жакшы тарбия бериптирсиз, сизге рахмат!” деп атама ыраазычылыгын билдирген

Ошол кезде эжем алтынчы класс экен. Ич кийим, байпактарыбыз таптакыр калбай калгыча жүрө берчүбүз, көрсө, эркек киши анын баарын көзөмөлдөй албайт тура. Бир күнү унубуз түгөнүп калды, атам эртең акча алсам алып келем деген, ал күнү албай калыптыр, наны жок тамак жеп жатып алдык. Эртеси кошунадан бир нан, бир чыны май алып тургула, кечинде алып келем, берип коёбуз. Курсагыңарды тойгузуп тургула” деди. Эртеси эжем сурагандан уялып мени жиберди. Чыныны алып короого чыксам, чоң итибиз бар эле, чуркап келди, “тамак бергени жатат” деди окшойт, араң чыктым дарбазадан. Кошунаныкына барсам сонун жыттанат, майтокоч жасап жатыптыр. Көзүмдү боорсоктон албай, эмнеге келгенимди айттым. Алар да түшүндү окшойт, майтокоч, нан, боорсок, “кечээ тойго барганбыз, атаң менен чогуу жегиле” деп чоң жилик салып берди. Сүйүнүп короого кирсем, баягы итибиз чуркап келатат, чыныдагы майды өйдө көтөрсөм, мага асылып, секире берди. Баштыгым айрылып кетип, этим жерге түштү, ит “шап” илип уясына жөнөдү. Мен бакырып, чуркап барып майды тепкичке коё салып, иттин уясына кирип барып башына бир уруп, жиликти жулуп алдым. Эжелерим менин кыйкырыгымды угуп эшикти ачканда чыныдагы май жайнап калды. Баягы этти сууга жууп коюп койдук, май жок, тамак жасалган жок. Бир майтокочту үчөөбүз бөлүп жеп, атамды күтүп отурдук, мындайда убакыт өтпөйт. Мен уктап калыптырмын, “атам келди” дегенде ойгонуп кеттим. Атам байкуш бир кап унду велосипедине артып алыптыр, бир жагына бир сумка азык-түлүк. Мойнунан ылдый тер аккан, биз үчөөбүз колубуздан келбесе да атама боорубуз ооруп, жардам берели дейбиз. Эжем көтөрүшөйүн десе, белиңди оорутуп аласың деп өзү көтөрүп кирди. Алып келгендеринин баарын чыгарып, эжеме отчёт берип жатат, анткени эмне керек болсо эжем жазып берчү. Жакшы акча алган окшойт, баарыбызга бирден шоколад да алып келиптир. Ошол кез үйүбүздөгү эң бактылуу убакыт эле. Эртең мектептен бир нерсе алып жейсиңер деп акча бөлүп бере баштады, эжем болсо жөн коюңуз, эртең светке төлөйбүз деди. Мен болсо алган акчамды колума бекем кармап, укмаксан болдум. Жатарда эжем «апкел» деп эле алып койду, ыйлаган бойдон уктап калдым. Эртеси окууга кетерде колумду курткама салсам эки сом жүрөт, мени карап турган атам көзүн кысып койду, көрсө, кайра салып коюптур. 

Кошунабыз үйүн актаса, эжем биз да актайлы деди. Атам кыйналып каласың десе болбой эжем баштады. Мени да ойното койбой кечке жумшады. Бийик болгонго бат эле чарчап калды. Кечке чейин араң бир бөлмөнү бүттүк, эжем 6-класс, андан кийинки эжем 4-класс, анан мен 1-класс. Кечинде атам чарчап келсе да калганын актап бериптир, мен чарчап уктап калыптырмын. Кийин атам үй актоо үчүн бир жума жүргөнбүз деп күлүп калчу. 

Ошентип жүрүп ал күндөр да өттү, жетим жетилет” дегендей, жетилдик. Бир гана арманым – апам үч кызды төрөп, бир жакшылыгын көрбөй, чайын ичпей кетип калганы ичимди ачыштырат. Ушундай жакшы киши атам менен бактылуу өмүр сүрбөй кетип калганына жер тепкилеп бакырып-бакырып ыйлап алам. Айла жок, Кудайдын буйругу экен, куран окуткандан башка эмне кылабыз? Кайненеме кыздары белек алып келип, чайга чакырып кетсе, ичим күйүп, “мага эмнеге Кудай ушундай күндү ыраа көрбөдү?” деп күнөөлүү болом. 

Биз кетип жатсак атам эмне берерин билбей, “аны, муну ал” деп шамы өчкөндөй бозоруп отуруп калат. “Келип тургула” деп буулугуп сүйлөгөндө бери бурулуп, көз жашымы көрсөтпөй аарчыдым. Энесин ээрчип бозоруп калган баладай болуп калып калган атамдын кебетесин көрүп боорум ооруйт. “Келем ата, келем” деп кол булгалап түшүп кеттим. Улуу эжелерим колуна алып алалы десе такыр болбойт, мен болсо кичүү келинмин. Кайнене-кайнатамдар менен турабыз. “Аман болчу, атаке!” деп артка кайрылып карасам, карааны алыстап кол булгалап калды. Көзүмө жаш тегеренет. Ата мээримин да сагынам, аман болуңуз, атаке!


Саламат Өмүралиева, Москва шаары 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер