Күйөөм бизди бага албай жатып, экинчи аял алууну кыялданып отурат


Жакынкы күндөрдөн бери «эркектерге экинчи аял алууну жеңилдетиш керек» деп чыгып сүйлөгөндөрдү көрүп, көңүлүм чөктү. Бирок андан да таң калганым, ошолорду менин күйөөм жан-дили менен колдоп чыкканы болду. Телефон көрүп отуруп жинденип, “митинг кылып, эркектердин укугун коргош керек” деп отурат.
Ушуларды угуп ичим ачышат. Бул жакта үйдүн кредити просрочка болуп жатат, күнүмдүк жашоонун түйшүгү толтура. Баланын кереги, тамак-аш, кийим-кече, эсеп-кысап, баары менин мойнумда. Үйдө тынчтык жок, акча тартыш. “Эртеңки күн кандай болот?” деп башым катып жүрсөм, күйөөм болсо экинчи аял тууралуу талашып олтурат.
Кээде ойлоп кетем, азыркы кээ бир эркектер биринчи үй-бүлөсүнө тирек болуп, баарын жетиштирип, аялын бактылуу кылып алгансып эле, экинчи аял алууну эрдик көрүп калыштыбы? Бир үйдү эптей албай жатып, эки үй-бүлө тууралуу кыйкырып сүйлөгөндөрдү көрүп, күлкүң да, ыйлагың да келет экен.
Аялдардын жүрөгү темир эмес да. Кээде жөн гана түшүнүү, колдоо, жылуу сөз керек. Үйдөгү көйгөйдү чечпей туруп, сырттагы талашка күйүп-бышкандарды көрсөң көңүл калат экен…
Альбина










