Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жылдыз Жолдошова: “Чет өлкөлүктөр кен байлыктарыбызды ташып кеткени калды”

Жылдыз Жолдошова: “Чет өлкөлүктөр кен байлыктарыбызды ташып кеткени калды”

01-май, 19:54
976 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жылдыз айым, Кумтөрдөн байыгандардын аттары чыгып атат, ушу боюнча эмне дейт элеңиз?

-- Менин маалыматыма ылайык, элүүдөй киши ошо Кумтөр ачылгандан бүгүнкү күнгө дейре очойгон айлык алышат. Албетте, алар алмашып турушат. Эксперт катарыбы же кеңешчи болуппу, 150-200 миң долларга чейин айына алышканын билем. Темир Сариев премьер-министр болуп турганда кайсы бир эксперттин эки айлыгын “өкмөткө өткөрүп бересиң” деген сөзүн уккам. 

-- Кумтөр кенинен очойгон айлык алып аткандар тууралуу эмнеге кеңири маалымат жок? Эмненин негизинде ошончо айлык алышат?

-- Чынында эле кен байлыктар боюнча атайын бир көз карандысыз комиссия түзүлбөсө болбой калды. Анткени, 37ден ашык кен байлыктарыбызды чет өлкөлүктөргө мурунку бийлик берип коюшкан. Келишим да түзүшкөн эмес. Алар биздин кен байлыктарды каалагандай алып чыгып атышат. Бул маселени эч ким көтөрбөй атат. Ошондуктан биздин жердеги кен байлыктарга ревизия жүргүзүлүшү зарыл. Ошондой эле элүүгө жакын биздин атуулдар Кумтөрдөн айлык алары боюнча маалымат бар. Аны да кимдер экенин, кандайча жол менен жетишкенин тастыкташ керек.    


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер