Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президентти жабалактай колдогон “пиарщиктер” уят кылышууда

Президентти жабалактай колдогон “пиарщиктер” уят кылышууда

27-январь, 09:00
538 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Соцтармактарда ары күлкүлүү, кээде жан кашайткан көрүнүштөр орун алып келүүдө. Тикелей мисалга өтсөк, Садыр Жапаповду колдогон блогер чалыш, сабатсыз жазмакерлер арбыды. Булар президенттин администрациясы менен байланышы бар экенин, алардын айтуусу боюнча пиар кампанияны жүргүзүп жатышканын жашырышпайт. Таңгаласың. Мындай чалагайым жазмакерлер кедерин кетиришип, коомчулуктун кыжырын кайнатып жатышканы ырас. Негизи Садыр Жапаров булардын мактоосуна, колдоосуна муктаж деле эмес. Анда эмнеге уялта турган, жабалактаган “пиарщиктер” айлык алышып, бийликти мактап-жактап жүрүшөт? Аттарын атоого деле арзыбайт дечи. Кызык, алар президентке көлөкө түшүрүп жатышса, токтотуп койчу акыл-эстүү адам жокпу? Булардын ордуна сабаттуу калемгерлерди пайдаланышса болбойбу? 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер