Талантбек Исаев: “Канат иним бийликти алмаштыруу боюнча эч кандай сөз кылган эмес”

-- Талантбек мырза, иниңиз Канат Исаевдин камалышы боюнча кандай комментарий берет элеңиз?
-- Канат инимдин камалышы боюнча айтсам, ал кичинесинен эле “саясатчы болом, Кыргызстандын өнүп-өсүүсүнө салым кошом” деген кыргыздын бычакка сап мырзаларынын бири. Албетте, саясатчы баарына даяр болушу керек. Кырдаалга жараша ар кандай күрөш болот, муну ошол өңүттүн бир этабы катары ойлойт элем. Эми укук коргоо органдары баарын изилдеп, туура чечим чыгарат деген ишеничтемин. Иним эч кандай мамлекеттик төңкөрүш, бийликти алмаштыруу жөнүндө сөз кылган эмес. Камаларынан бир күн мурун жолукканбыз. Радикалдуу кадамдарга барбайт эле. Укук коргоо органдары тереңден териштирип, туура жыйынтыгын чыгарат деп ойлойм.
-- Бул боюнча кандай кадамдарга барасыздар?
-- Мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтире турган эч кандай кадамдарга барбайбыз. Укук коргоо органдары кандай чечим чыгарат, биз ошону күтөбүз.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити