Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ошту артка тарткан Элчибек Жантаев жана Дамирбек Исаков

Ошту артка тарткан Элчибек Жантаев жана Дамирбек Исаков

10-июнь, 23:24
792 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Бактылуу чочконун мурдунан бок кетпейт” дечү беле? Аныгында, Ош облусунун губернатору Элчибек Жантаев көрүнүктүү иш кылганын байкаган жокпуз. Баягы эле жүрүп бараткан машинага эрмешип алгандай элес берет. Инвестиция тартуу, завод-фабрикаларды ачуу түшкө да кирбей калды. Анан кантип өндүрүштү жандантууну айтабыз? Болгону күнүмдүк майда, чарба жумуштары менен алаксып жүрөт. Жаратман идея, демилге чыкпайт тура. “Алыбек алына жараша” дегендей эле. Жети облустун губернаторлорунун ичинен эң алсызы катары да бекер жерден бааланбаса керек... А баса, Чүй ОИИБден сөгүш алып, иштей албай кеткен Дамирбек Исаков Ош ШИИБге начальник болгон эмеспи. Бул да бир “ачыбаган камырдай” жумушту артка тарткан чала кадр. Бирок “крышасы” оо жогору жакта. “Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт” дегендей, Элчибек Жантаев менен Дамирбек Исаков байма-бай жолугушуп, чай ичишип, достуктарын бекемдеп жатышыптыр. Натыйжада, эмне кыла алышмак эле? Мамлекетти артка тартканга жарап беришеби? Эрксизден баш чайкайсың да...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер