Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жүрөгү 45 мүнөт токтоп, өлүкканага жеткен соң кайра тирилген жаран таңкалтырды

Жүрөгү 45 мүнөт токтоп, өлүкканага жеткен соң кайра тирилген жаран таңкалтырды

17-ноябрь, 12:31
857 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылат. Маалыматка ылайык, 47 жаштагы Майкл Кнапински 7-ноябрда АКШнын Маунт-Рейнир улуттук паркындагы кар баскан тоолорунда адашып калган. Ал досу экөө Мьюир тоосунун этегинен бөлүнүп кетишкен. Ошол күнү кечинде Кнапински унаасына кайтып келген эмес. Андыктан досу улуттук парктын куткаруучуларына кайрылып, алар издөө иштерин башташкан.

Эртеси куткаруучулар Кнапинскини эc-учун жоготкон абалда таап, Сиетлдеги медициналык борборго жеткиришкен. Ал жактан Кнапинскинин жүрөгү токтоп калган. 

«Ал кечиктирилгис жардам берүү бөлүмүндө жатканда каза болуп калды деп ойлогонбуз» деди медициналык борбордун дарыгери Женел Бадулак. Дарыгердин айтымында, Кнапински мындай абалда 45 мүнөттөй жаткан. Медицина кызматкерлери ага жасалма дем алдыруу жасап, атайын медициналык аппаратка туташтырышкан. Медициналык аппарат Кнапинскинин жүрөгүн кайра иштетүүгө жардам берген. «Ал өлүктөрдүн арасынан келди. Балким минтип айтуу медициналык жактан туура эмес, бирок анын жүрөгү 45 мүнөт сокпой турган» деди дарыгер Саман Арбаби. 

«Эмне болгонун билбейм. Жыгылып кетип, эс-учумду жоготтум деп ойлойм» деген Кнапински өзү окуя тууралуу.

“7-канал”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер