Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Юпитердеги жыл санак боюнча Ыр-Акем 100дө

Юпитердеги жыл санак боюнча Ыр-Акем 100дө

21-октябрь, 14:39
944 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырыстуу акын Рамис Рыскулов  кемпирдин тишиндей бирин-сериндеп калган атактуу акын-жазуучулар Байжиев, Султанов, Жетимишев, Жакиев, Абылкасымова, Момуновалардан   бир-эки көйнөк мурун жырткан аксакал. Жазучуулар союзу менен жатындаш, жашташ болуп келатат. 

Айдан-айга калтырбай “салыгын” жыйнап кетчү эле, көзү начарлай түшкөнү көрүнбөй калды. Буга чейин Ш.Дүйшеев, М.Сабыров, О.Шакирлер генийден интервью алып турушчу эле, алар да тынчый түштү. Ыракем менен “чайлашып” отургандагы чакан маекти, көңүлдүү учурда айткан-дегендерин жана телекечесинде окулуп кеткен жанытмамды мааракеге туштап, 85 жашын куттуктап экөөбүздүн маекти окурмандарга сунуштадым.

-- Раке, сиз “Юпитерге барып келдим” дедиңизби, же Юпитерден сизге кабар келдиби?

-- Юпитерге Чынарбек Айдаров барып келиптир. Ал жерде кыргыздар бир топ көбөйүп калган экен. Ага “Юпитер планетасында гений көп, Рамис деген акын “Космостук поэма” жазды эле. Биздин календарь боюнча быйыл 100гө чыгат. Келет деп күтүп атабыз” дешиптир. Кечээ гороскоптон окусам, мени Юпитер колдойт тура. Гороскоп боюнча быйыл бүтүн ааламга атагым чыгат экен...

-- Берки Венера менен эмне байланышыңыз болуп атат?

-- Венера менин референтим. Компьютерге ырларымды басат.

-- Жок, мен планетаны айтып жатам...

-- Венерадагылар менен да сүйлөштүм. Тарелкасы эч убакта жерге конбоптур. 40 мүнөттө жерге кирип келет экен. “Биз Кыргызстанга конобуз” деп убада кылып жатышат.

-- Сиздин кечеңиз жөнүндө аларга кабар барса керек, кечеңиз укмуш өтпөдүбү...

-- Жакшы өттү ээ?..

-- Абдан мыкты болду. Мамат Болот сизге абдан жакшы илимий баа бербедиби.

-- Анын жөн эле мактай бергени мага жаккан жок!

-- Жөн эле уруп салдыбы?

-- “Баарынан кыйын” дейт. Сынчы андай болбойт да. Мага жаккан жок. Интеллекти абдан начар тура.  Мен ага ишенбей калдым. Кеп мактаганда эмес. Апыртып-жапыртып жибербей, жай баяндаш керек болчу... Ал “Алыкулдан Рамис ашып кетти” деп жазгандан кийин гезит жабылып калган... “Соловья баснями не кормят” деген макал бар. Мага мактоонун кереги жок. Мага конкретный отношение, человеческий отношение керек.

-- Соңку учурларда бир нерсе жаздыңызбы?

-- “Өзбечка” деген ыр жаздым кечээ.

Оо, өзбечка, өзбечка, 

Салсам деймин уздечка.

Төшүңдө эки пиала,

Самсадай ысык жүрөгүң,

Сагына берип жүдөдүм...

Андан тышкары, 100 бет ырды даярдап койдум. Теңи орусча, теңи кыргызча. Михалков менен Чуковскийлер балдар акыны болгону менен чоңдор үчүн жазышкан. Барто гана дошкольниктерге жазат. Мен скорей дошкольный поэтмин... 

-- Сиз “Эки энемди” 16 жашыңызда жазган экенсиз. Ошондон бери ырдалат. Балдар үчүн андан ашкан ыр чыга элек болушу керек?

-- Айтматовдор, Токомбаевдер көтү күйүп ырдатпай коюшкан да, Москвада АКШда Кайыргүл Сартбаева ырдаган. Текстти жоготуп коюшту эле, жакында №5те окуган неберем таап келди. Мен ыр кече өткөрөйүн десем эле каникул болуп калат... Мен Токтогулдун эч ким ырдабаган ырларын ырдайм да. Барсам эле каникул дейт.

-- Раке, сиз №5ти бүткөнсүз да?

-- Жок, мен педучилищени бүткөм, онунчу классты өзбекче окугам. Ошон үчүн  өзбекче жазып жиберем.

-- №5те Рудаков деген мугалим болгон тура...

-- Мен аны менен дос болчумун. Байдылда, Эрнис Турсуновдор ошол №5те окуган. 

-- Байдылда онду бүтүп жатканда ошол Рудаков артынан түшүп, жазуучулар союзуна өткөргөн дейт. Кыргыз адабиятында мектептен союзга өткөн ушул Байдыке экен. Анан Москвага жиберишкен тура. 

-- Мен Байдылдага карыз болуп калдым да. Сейит Жетимишевдин айылына барсам, кой сойду. Мария деген эжеси калпак кийгизди. Байдылда айтканынан ошол калпакты кийип барып, калпактын күчү менен Москвага окууга оңой өттүм. “Калпагы ак, дили таза” деп кабыл алды. 

-- Байдыке менен мамилеңиз кандай эле?

-- Жакшы, жакшы эле болчу, ал 1932-жылкы.

-- Экөөңө эл акынын катар берди  го?

-- Ооба, адегенде мени көрсөткөн, “Алыкулду” дагы чогуу беришти.

-- Кайсы акындарга жардамыңыз тийди?

-- Жалилдин ырларын биринчи мен чыгаргам. Эрнис Турсуновдун слетко алып келген ырларын чыгарып бердим. Түмөнбай Байзаковдун ребус ырларын мен чыгардым. Пионер гезити – адабият гезити болуп калган.

-- “Мусаке менен жакын жүрдүм” деп жүрөсүз...

-- Муса Жангазиевдин аялы Усубалиевдин аялынын сиңдиси болчу. Мусаны Усубалиев экөөбүз колдоп жүрдүк. Муса абдан митаам болчу. Орусча билбейт. Мен которгон ырларга анын фамилиясын кошуп койчумун. “Сенин китебиңди котордум” деп Михалковго кат жазыптыр. Ошентип жүрүп, Михалковдун докладында великий 10 поэттин ичине кирип, иши тоого кетти. Ал детский акын болом деп, менин целый жыйнагымды жок кылган. Казакбаев кат берип, анын үйүндө жүрчүмүн да. Ошол катты да жок кылган. 17 жашымда Казакбаев чакырып, “Мидин экөөң Ленин жөнүндөгү поэманы которгула” деди. Мидин күндө мас, бир күн да соо келбейт. Өзү иштебей жүрүп, үч ай бою мени да мас кылып коёт... Окуп жүргөнүмдө уйгурдун “5ке” окуган бир сулуу кызы мени гана карап отурчу. Капкара болгон негрге окшогон уйгур жигит кызганып, мени “өлтүрамын!” деп калды. Мен жаман балбан элем да, кол салгандан өзү коркот. Орус балдарды жалдаптыр. Жаңы костюм кийип автобустан жерге түшсөм (караңгы болчу), артыман кошо түшүштү. Бычагын көрүп калып, жерден таш издесем, дыргаяктап качып кетишти.

-- Жаш кезиңизде чачыңыз жаман көрктүү экен ээ?

-- Кыздар күн ысыкта чачыма көлөкөлөчү. Чачыма ашык болуп, Ира деген немка кыз ГДРга алып кеткен. Немистер көрүп кызганган. ГДРга келип, бозүй жөнүндө ырымды чыгарып, Есенин жаткан үйдө жатып калдым. Мен экинчи кабатта элем, ал төртүнчү кабатта бир ай жатыптыр, орустар айтышты. Есенин  “Москванын акындары начар, Петербургдун акындары күчтүү” дечү экен. Блок Петербургдан чыккан да. Есенин грубый болгон, Мережковскийди “сенин каның кан эмес, моча” деген. Маяковскийди “бездарный” деп эсептеген.

-- Экөө замандаш туруп, мамилелери жаман болгонбу?

-- Экөө душман болгон, ээн талаада мончосу бар экен да. 37 жашында ошондо каза болгон. Орустун соо өлгөн улуу кишиси жок. Мен “Россия вдова великих людей” деп ачык эле жаздым. Баары эле оңгон эмес. Тихонов поездде баратып каза болду. Брежневди “прежневсиң” деп кат жаздым. Кызматтан кетпей койгонунан, уу берип өлтүрүштү. Горбачевго да кат жазгам “кет” деп...

-- Социализмдин жакшы жагы, сиздей таланттарды борбордон бекер окутту да?

-- Мен өзүмдү өзүм бактым. Стипендия 120 рубль болчу. Каганович пенсияга 120 менен чыккан экен. Еврей Кагановичтин кызын Сталин алган. Аны Рокосовский атып таштаган. Мен “Сталин” деген поэманы жаздым. Путинге чейин сүрөттөлөт. Бу сексенден өткөндөн кийин киши чарчап кетет экен. Такыр чарчачу эмес элем. Мен өлгөндөн коркпойм. Катуу мас болгон өлгөнгө барабар да. Канча жолу катуу мас болдум. Баарын унутуп коёсуң. Есенин өлүмдөн катуу коркчу экен. Маяковскийдин духунда бир-эки ыр жаздым эле, Маяковский быякта эле калып калды. Андан ашып койдум. 12 картина тарттым. Бизнес кылсам деп ойлойм. Мага миллиондун кереги жок. 300 миңге берсем туурабы деп атам.

-- Рамалаган сүрөттөрүңүз жакшы экен...

-- Мен рамалабайм. Аны аялым рамалап коёт, алгандар рамалап алышат.

-- Венера китебине сиз менен шахмат ойногонун жазыптыр го?

-- Ал теориясын билет, мен любительмин. Бирок, мени ута албайт да, мен чемпиондор менен тең ойноп жүрбөймүнбү. Бир күндө үч чемпионду утсам, жинди болушту... бозокананын чемпиондорун утуп салдым. Үсөн Асанга келсем жок экен.

-- Ал киши салыгын төлөп жүрөбү?

-- Өткөндө келсем 100 грамм виски куюп берди. Бозого аракты кошкон болбойт экен. Эс-учуңду жоготуп коёт экенсиң. Аялым да “бозого барганда арак ичпе” деп турат.

-- Раке, атаңыз Рыскул Кыргызстанды кыдырып иштеген киши экен. Сталин менен Гитлерди, Кожомкул менен Абдрашит Бердибаевди, бир туруп Аалы Токомбаевди “атам болчу” дей бересиз. Бирок, аларга атайылап ыр чыгарбаптырсыз. Апаңыз жөнүндөгү ырыңыз бар тура, кыска варианты барбы?

-- Көргөзгөн күндүн жарыгын,

Жанынын берген жарымын.

Жедирген орус кашасын,

Дос кылып берген Сашасын,

Ойнотуп койгон Машасын.

Апакем менин жашасын!..


"Азия Ньюс" гезити

 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер