Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Бизде жыл сайын өнүгүү-өсүү, алдыга жылуу байкалууда”

Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Бизде жыл сайын өнүгүү-өсүү, алдыга жылуу байкалууда”

16-декабрь, 20:20
875 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балбак мырза, бүгүн келерки жылдын бюджетин карап, бекиттиңиздер. Сиздин оюңузча, бул жолку бюджеттин эң башкы артыкчылыгы эмнеде болду?

-Мисалы, 2020-жылы 350 миллиард сом болгон бюджет азыр 740 миллиард сомго жетип атпайбы, бул жакшы нерсе да! Жыл сайын өнүгүү-өсүү, алдыга жылуу байкалууда. Мурунку бюджет боюнча бала бакчаларга берилбейт болчу. Азыр 400 миллион сом субсидия жасалып жатат. Жолдорго көп каражат бөлүнүүдө. Эң негизгиси, гидроэлектростанцияларына инвестиция жасалып атат. Бул келечектин камы. Эң башкысы, бийик толуу райондорду 1800дөн 2 миңге чыгарып аткан, бүгүн өзүңүз көрдүңүз, биз ошону алып калдык. Ипотекага 2 миллион чарчы квадрат үй салынып жатат. Бул “80-90 миң киши эки жылда турак жай алышат деген сөз. Мурда мындай болгон эмес да. 

-- Бирок, кемчилиги да жок эместир?

-Кемчилиги, албетте, бар. Турак жай тармагына 12 пайыз НДС киргизип алып келген да бюджетти. Өткөргөн жокпуз. “Малды касапканадан сой деген ушу жакшы болмок белеАны да өткөрбөй койдук. Андан соң бийик тоолуу райондорду 1800дөн 2 миң метрге чыгарып, 660 миллиард сомду үнөмдөп келген. Бул кемчилик да. Элге кете турган акчанын өкмөт эмнесин аяйт? Өкмөт ушундай нерселерди акырын алып келип, өткөрүп кеткенге аракет кылат да. Бухгалтерлер акчаны аяй берет го? Ошондой да бул өкмөт. Бухгалтердин психологиясына кирип алган..


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер