Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шумкарбек Адилбек уулу: “Кыргызстанда товарларды санарип же онлайн түрүндө экспорттоого толук мүмкүнчүлүктөр бар”

Шумкарбек Адилбек уулу: “Кыргызстанда товарларды санарип же онлайн түрүндө экспорттоого толук мүмкүнчүлүктөр бар”

11-декабрь, 09:00
4 954 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы директору менен маек.

-- Онлайн түрүндө экспортко чыгуунун жолдору барбы? 

-- Кыргызстанда санарип же онлайн түрүндө товарларды экспорттоого толук мүмкүнчүлүктөр бар жана буга чейин эле аларга шарт түзүлгөн. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой,  инвестицияларды илгерлетүү агенттигинде экспортту сыртка чыгарууда, онлайн түрүндө каттоодо укугу бар мамлекеттик “Рекс” деген ишкананы билебиз. Аталган ишкана онлайн түрүндө экспортко дайындоодо каттоо жүргүзө турган атайын система. 

“Рекс” системасы менен сиз өзүңүздүн өндүрүп жаткан товарларыңызды европалык стандарттарга дал келе тургандай кылып, ошого жараша коопсуздук, экологиялык жактан дал келерин белгилеп, өзүңүз каттоого тургузасыз дагы, каттоонун негизинде атайын сайтка киргизсеңиз, товарларыңызды Европага экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Экспортту онлайн түрүндө сатып алуучуларды табуу бул башка маселе. 

Биздин агенттик менен бир топ жумуштар жүргүзүлгөн. Экспорттоочуларга жардам берүү максатында атайын сайт иштейт. Сайтта каталог бар, ошого өзүңүздөрдүн товарларды каттап, “Кыргызстанда өндүрүлөт” деп интернет аркылуу реклама кылсаңыздар болот. Башка өлкөлөрдөн “Кыргызстанда эмне өндүрүлөт экен?” деп карап, келишим түзүүгө атайын аянтча түзүлгөн. 

Биз көнүп калган “Али-Баба” “eBay” ж.б электрондук сатуу сыяктуу ири платформалар Кыргызстанда пайда боло элек. Өлкө ичинде белгилүү 3-4 платформа бар. Булардын элге кеңири жайылышы үчүн эң биринчи логистикалык маселе чечилиши зарыл. Мындайча айтканда, жеткирүү маселеси. Качан гана бизде жеткирүү маселеси чечилгенде, Кыргызстандагы электрондук платформалардын таанымалдуулугу күчөйт. 

-- Үй-бүлөлүк финансылык башаламандык же туура эмес акча сарптоону туура ыкка келтирүү боюнча бизде кандай иштерди жүргүзсөк болот?

-- Финансылык сабаттуулук, үй-бүлөдөгү каражатты туура пайдалануу, акчаларды туура сарптоо, үй-бүлөдөгү финансылык башаламандыктан арылуу же болбосо башаламандыкка жеткирбөө бүгүнкү күндө олуттуу маселе экен. Бул боюнча колдон келсе мамлекет мектеп курактан баштап окутушу керек. Себеп дегенде, качан гана биздин жаш муундар ушул маселени так, туура түшүнсө, ата-энелери да алгылыктуу кабылдашса, эң биринчиден, “үй-бүлөдөгү акча кайдан келип, кайда кетип жатат?” деген маселе чечилет. 

Үй-бүлөдөгү акчаны коротуу, бюджетти башкаруунун чечүү жолдорун жөнөкөй жарандарыбызга, өсүп келе жаткан жаштарыбызга окутуу зарыл. Бул мектеп программасына кире турган маселе. Башка өлкөлөрдө бул кеңири таралып келет. 

Финансы маселесинен көпчүлүк маселелер туунду катары болуп чыгат. Социалдык, психологиялык, экономикалык ж.б. маселелер. Муну базалык нерсе катары окуп билишибиз зарыл. Азыр жеке жана эл аралык тараптар өздөрүнүн аракеттерин жасап келишет. Ар кайсы өкүлдөр, ар кайсы ишканалар өздөрүнө керектүү багытта гана талдап, сунуштап койгон учурлар да кезигет. Кээ бир учурда Улуттук банк же башка коммерциялык банктар кредитти алуу жана кредитти жабуу багытында талдап коюшат. Ошон үчүн мамлекет өзүнө керектүү жалпыланган базистик программа жасап, мектептерге берип, коомду тарбияласа абдан сонун жыйынтык болот. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер