Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ажырашкан аялды аппак көйнөк кийгизип, баш кошкондор барбы?

Ажырашкан аялды аппак көйнөк кийгизип, баш кошкондор барбы?

21-ноябрь, 22:02
6 038 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ажырашкан, эки кызы бар аялды аппак көйнөк кийгизип, жубайы катары ала турган эркек барбы? Кыздарына аталык мээрим төгүп, өз атасындай боло турган эркектер барбы? Бала менен ажырашкандардын багы ачылабы? 

...Бакытты кубалаган сайын ал менден алыс качты. Баары жакшы болчудай, алдыда бактылуу күндөр күтүп тургандай келечекке ашыкчумун. Мен ойлогондой аппак көйнөк кийип турмушка узаганым жок. “Менин бактым” деп тапкан жигитим үй-бүлөсүнүн шартын айтып, ак көйнөксүз эле ала качты кылып алып келип көшөгөгө отургузду. Бирок мунун баарына макул элем. Удаа кыз төрөгөндөн кийин күйөөмдүн чыныгы жүзүн көрдүм. Башкаларга алмаштырды. Басып кетти. Кайын журтумдун кодулоосу да көкөйүмө тийди. Бет келди басып кеттим. Колумда эки чүрпөм бар. Алар мага чексиз бактылуу ирмемдерди тартуулайт, ичим элжирейт. Бирок, бала кездеги мен кийе турган ак көйнөк, ак боз атчан мырза кайда? Бактылуу боло аламбы?


Замира 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер