Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шайырбү Ибраимова: “Согуш убагында чолок эркектер жаш кыздарды акмалап келишчү. Жыгач менен жаткыра чабам...”

Шайырбү Ибраимова: “Согуш убагында чолок эркектер жаш кыздарды акмалап келишчү. Жыгач менен жаткыра чабам...”

01-март, 09:00
803 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир кылымдан ашык жашаган апанын дайынын угуп, дарегин сураштырдык. Арал айылынан Үч-Эмчек айылы тарапка бурулган жердеги кырка тоолордун этегинде сарайлардын биринде, Медеркан деген уулунун колунда турарын айтышты. Машине менен чыгып бардык. Тоонун кышы да сулуу чиркин, кар баскан аска ташын көрүп, таза абасынан дем алып, кубандык. Биз киргенде апабыз күркүрөп күйүп жаткан мештин жанында, төрт кабат төшөктүн үстүндө отуруптур. Апанын эшикке кирип-чыкканы тың, эс-тутуму даана экен. 

-- Апа, өзүңүз жөнүндө тааныштыра кетсеңиз?

-- Мен 1910-жылы туулган экенмин. Бир аз чоңойгонумда катуу ачарчылык болду. Ата-энебиз кичине бирдеме таап келет, ошону жалмалайбыз. Ошентип жүрүп, бой жетип турмушка чыктым. Турмушка чыгар замат эле уруш башталды. Эрим согушка кетип калды. Оор заман ошол болду. Көкүрөгүбүздө көйнөгүбүз, көчүгүбүздө ыштаныбыз жок, эптеп бирдемени илип алабыз үстүбүзгө. Машак теребиз. Колу-буттун баары тытылат. Бутубузга уйдун терисинен кесип туруп, арчындап байлап алабыз. Катып калса сууга салабыз, жибип калат. Бутубузду куурай сайып, канайт. Айылда жалаң кыз-келиндер калдык кагырап. Чалгы чабабыз. Мырзаалы деген чал бар, чалгы чыңап берет. Керээли-кечке чалгы чаап, кечинде отун көтөрө келебиз үйгө. Эптеп атала кайнатып ичип алып, эртең менен эрте туруп арык чабабыз. Кайта кырманга кетебиз. Орок оруп, боолайбыз. Араба менен кырманга ташып, бастырабыз. Уяда Орток деген бар, ошол жерде саманга оонап жатабыз. Таң азан иш. Согуш болсо жүрүп жатыры. Үйлөрүбүз жаман бозүй. Жамактары айрылган жерлеринен от көрүнөт.

Биз көргөндү ит көрсүн, кагылайын! Бир-эки курдай ачкадан өлө турган болуп калдык. Ошондо бир-эки келин арпа уурдадык. Аныбыз да бир-эки ууч. Буудай жок. Аскерге жөнөтөбүз буудайды. Билинип калсак соттолобуз. Билинбей, түн ичинде чоң сууну кечип, үйгө таштап, кайра кетебиз. Орок оробуз, машак теребиз. Күнү-түнү уйку жок. Ырдайбыз жан кашайганда.

-- Бригадир белеңиз?

-- Ооба, эки кулач жыгачты колума кармап алам. Согушка барбай калган, чолок-чулак болуп келген эркектер бар да, күйөөгө тийе элек кыздарды акмалап келишет. Жашынып отуруп, жакын келгенде баягы жыгач менен бир чабам, талып жатып калат. Ошентип, мени макташат.

Бир күнү Алмабай деген бар эле, анын аялы так менин жанымда жаткан. Келгенде эле таяк менен чаап калдым. “Ой жеңе, мен Алмабаймын, өз аялыма келгем!” дейт. “Аялыңа келсең айтып келбейсиңби?” деп күлүп калдык. Биз көрбөгөн кыйынчылык калган жок. Айылда бир эркек жок. Эл келте (тиф) оорудан кырылды. Жалаң катын-калач мүрзө казабыз.

Бир кезде тоодон ашып, ачка казактар келе башташты. Алар тимеле жолдо, белде кырылды, акыркы аштыгыбызды алардын тирүүлөрү менен бөлүшөбүз. Өлгөндөрүн жер чукуп көмөбүз. Жарма жутуп алып, орок оробуз. Бир сындырым нан менен чай ичебиз. Эми эмнени гана жебейбиз, тойбой жатпайлыбы, көкүрөк ачка да.

-- Ошол кезде кан басым жогорулап, ооручу белеңиздер?

-- Каяктагы кан басым? Ал жалкоолордун, аз кыймылдагандардын, ойлору жамандардын, сөздөрү сөлтүк, ачуусу чукулдардын оорусу. Отуруп алып ичип- жей берип, семирип кетишет. Ал убакта семирген киши жок эле. Мен дегеле кан басымым жогорулаган жок. Не бир ачарчылыкты көрдүм, оорчулукту, урушту көрдүм, жыргаган деле заман көрбөдүм. Кыйынчылыктан давление болсом, мен болмокмун. Ушак айтышчу эмеспиз. Азыр эки кишинин башы кошулса ушак... 

-- Аз тамак жеп, көп кыймылдап, жакшы сөздөрдү айтып, кыйынчылыкты сабырдуулук менен жеңип жүрүп, жүз жашты багындырган турбайсызбы? 

-- Анан эмне, биз бүлдүркөн, аткулак, кымыздык, козукарынга окшогон чөп-чарды көп жечүбүз. Чөп чай иччүбүз. Бир козу сойсок бүтүн айыл жыйналып келип, шорпо ичишет. Калган этти бир кесимден бөлүшүп кетет. Ушак сөз, жаман иш менен өмүр кыскарат. Биздин убакта эч ким тескери сүйлөчү эмес. Согуш апаатын ырдап жүрүп көтөрдүк. Ыйласак согушту жеңбейт элек. Мына өмүр, Кудайга жактык, узун жаш берди минтип, ыраазымын.

-- Өлүм эмне, апа?

-- Өлүм – Кудайдын жанына баруу, балам. “Балдардын алдында алса экен, төшөккө жаткырбаса экен” деп тиленип отурам.

-- Жакшы заман качан келди?

-- Кемпай (комбайн) келгенде келди. Күндөп-түндөп иштеп жүрүп колхозду биз түптөдүк. Ушул жакшы заманды биз жараттык. Кемпай келгенде жаныбыз жыргап эле калды, ичкенибиз ичибизге, жутканыбыз жумурубузга токтоп. Адам бат эле көбөт экен, ак нанды тандап жеп калдык...

-- Жаш кезиңизде артист көйнөгүңүз болгонбу?

-- Каяктан? Бир айыл келиндерине бир эле көйнөк болчу. Ким сыртка чыкса ошону кийип барып, кайра ордуна коюп койчубуз.

-- Арманыңыз жокпу?

-- Жок. 15 жыл балалуу болбой жүрүп, болдум. Балдарымды чекеге черткен жокмун, жаман айтпай бактым. Балалуу болгуча далай балдарды бактым. Жетини төрөдүм, жетимиш неберем бар. Чөбөрө, кыбыра, кибире, тыбыра көрүп калдым. Алардын санын билбейм. 

-- Эмгегиңиз көп экен...

-- Тээ Чүй каналын кыз-келиндер каздык. Тоону жөө-жалаңдап ашып, жети күн дегенде келдик айылга. Ачкабыз, бутубузда эч нерсе жок, тамандар каканактаган. Өзүм араң келатып кыздарды “болгула” деп коём. Айылга жакын калганда бир бозүйгө жеттик, куладык. Эки күн туралбай жаттык. Өтмөк жолун биз курганбыз кетмен күрөк менен...

-- Мээнетеңиз жандыбы?

-- Жанган жок. ЗАГС (балдары архивден карашып, документ такташкан. Туулган жылы да ошол жерден аныкталган – Д.Б) жок экен (!) деп пенсияга чыгалбай жүрдүм бир топ жыл. 700 сомго чыккам. Көбөйүп отуруп, 7 миң болду. Ушуну кут кылсын.

-- Согуш басылганда сүйүндүңүз да?

-- Ооба, “уруш басылды” дешти. Сталин, Ленин деген бар эле. Сталин зор эле. Өз баласынан да элин артык көргөн адам эле. Ал өлгөндө бүт эл ыйладык.

-- Апа, элге-журтка каалооңузду айтып коюңуз?

-- Кагылайын калайык калк аман болсун! Биз көргөн кыйынчылыкты кийинки муун көрбөсүн ылайым. Алыс-жуукта жүргөн бала-чака аман болуп, элибиз тынч, сак-саламат болсун! Сен, кызым, жайчылыкта жатканга кел.

-- Макул апа, аман туруңуз!


Динара Бейшеналиева, Талас району, Арал айылы, 2022-жыл, 15-февраль 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер