Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Медетов: “Илимпоздор эне тилибизге кайдыгер мамиле жасап жатышат”

Аскар Медетов: “Илимпоздор эне тилибизге кайдыгер мамиле жасап жатышат”

17-май, 21:17
726 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти менен маек.

-- Аске, мамлекеттик тилдин абалы кандай?

-- Анын абалы “айта берсе, арман көп” дегендей эле. Ошон үчүн “тил жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилип, министрликтер, мекеме-уюмдарда, муниципалитеттерде иш кагаздары толугу менен мамлекеттик тилге өткөрүлсүн” деген талаптар коюлуп жатат да.

-- Ошондо 33 жылдан бери солгун иштеп келген тил мыйзамы жигердүү нукка түшөбү?

-- Эми тилдин өзүнүн табигый өсүп-өнүгүү жолу болот да. Ал азыр өзүнүн нугу менен жүрүп жатат. Табылгалуу түшүнүктөр пайда болуп, жаңы сөздөр, терминдер кабыл алынууда. Адабий тилде 4 стилдик багыт бар экенин өзүң жакшы билесиң. Ошолордун ичинен көркөм стиль (поэзия, проза, драмалардын стили) менен публицистикалык (очерк, макала, репортаж ж.б., гезит-журнал материалдары) стиль мыйзам кабыл алына электе эле мурдатан союз мезгилинде да жигердүү иштеп келген. Кыргыз тилинде илимий стиль менен расмий-канцелярдык стиль мурда калыптанган эмес, азыр деле өнүгүп кете албай, арабөк абалда турат.

-- Иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү тээ 90-жылдары эле башталбады беле?

-- Ооба, ошондон бери Чубактын кунундай чубалган ишке айланды. Мыйзам, талап кылуу, мажбурлоо жолу менен тил өнүкпөйт экен. Адегенде коомдук турмуштун кайсы тармактарында  мамлекеттик тилдин жүзөгө ашпай жатышына тоскоолдук кылган көйгөйлөрдүн түпкү себептерин иликтеп, тактап алып, анан ошого жараша чараларды көрүш керек эле да.

-- Анда конкреттүү айтканда, кандай себептер бар деп ойлойсуң?

-- Облус, райондордо иш кагаздары негизинен мамлекеттик тилде жүргүзүлүп жатат да. Негизги көйгөй республикалык деңгээлдеги мекеме, уюмдарда, министрликтерде, башкача айтканда, Бишкекте десек туура болот. Парламент, министрлер кабинети жана министрликтер, комитеттер, салык, бажы, сот, прокуратура, банк тармагында, мэрияда, жеке менчик фирмалар, компанияларда иш кагаздары расмий тилде жүргүзүлөт.    

-- Эмне үчүн?

-- Анткени ал жерде иштеген аткаминерлер, менеджерлер кыргыз тилинде сабаттуу текст жаза алышпайт. Дээрлик орус тилдүүлөр иштейт экен.

-- Ой, алардын колунда дипломдору бар да? Мектепте, ЖОЖдо мамлекеттик тилди окуп, экзамен тапшырышкан эмеспи?..

-- Маселе ошол мектеп менен ЖОЖдордо болуп жатпайбы. Ал жерде мамлекеттик тил тийешелүү деңгээлде окутулбайт экен. 90-жылдары орус мектептери үчүн шашылыш жазылган кыргыз тили жана адабияты окуу китептери моралдык, мазмундук жагынан да эскирген, ошон үчүн азыркы учурдун талаптары эске алынып, жаңы муундагы программалар, окуу китептери, ага кошумча окуу-усулдук колдонмолор жазылышын – мезгил талап кылып жатканын турмуш өзү көрсөтүүдө. Колледждер, ЖОЖдор үчүн мамлекеттик тилдин типтүү программасы иштелип чыккан эмес. 76 университетте ар башка окуу китептери менен окутушат. Азыркы мезгилге чейин бирдиктүү окутуу усулу да иштелип чыккан жок. Ошого карабастан, мамлекеттик тилди окутуу боюнча бир топ тажрыйба топтолду, алдыңкы, тажрыйбалуу окутуучулар бар, ошолор иштеп чыккан инновациялык технологияларды кеңири жайылтуу керек.

-- Ошондо эле мамлекеттик тил өнүгүп кетет деп турасыңбы?

-- Жок, негизги көйгөй андан да тереңде жатат. Тилди үйрөтүүнү балдар бакчасынан баштоо керек. Жеткинчектердин эстетикалык табити, тилге болгон туюму көркөм чыгарма аркылуу ойгонот, калыптанат. Тилдик нормаларды үйрөнүү тарбия, салт-санаа менен айкалышып, үй-бүлөдөн, балдар бакчасынан башталганы жөндүү. Кенже курактагы балдар, алтургай башталгыч класстардын окуучулары үчүн жазылган ыр, жомок, жаңылмач, табышмак китептери, дидактикалык материалдар, усулдук колдонмолор жетишсиз. Балдар бакчаларынын, мектеп китепканаларынын фондусу жарды. Тил комиссиясына өкмөт китеп чыгарганга каражат бөлүп, “Азыркы адабият”, “Дүбүрт”, “Дүйнөлүк адабият” деген сериялардан китептер чыгып жатат. Эми ошол каражаттын бир бөлүгүн атайын балдар адабиятына, бир бөлүгүн мектеп программасына кирген чыгармаларды камтыган “Кыргыз адабиятынын антологиясын”, хрестоматияларды, макал-лакаптарды, фразеологиялык сөздүктөрдү 50-60 миң нуска менен чыгарганга мамлекет каражат бөлүп берсе, бул маселе бир топ жеңилдеп калмак.

Заманга ылайык интернет булактарындагы балдарга арналган аудио-видео материалдар, мультфильмдер, оюндар, өспүрүмдөр үчүн илимий-популярдуу фильмдер алардын дүйнөтаанымын тереңдетип, көз карашын кеңейте турган баардык керектүү маалыматтар кыргыз тилине которулуп, балдарга сунушталышы кажет. Бала өзүнө керектүү баардык маалыматты эне тилинде алышы керек. Жеткинчектер, өспүрүмдөр үчүн КТРКнын “Дөөлөт” котормо, дубляж студиясы бул багытта көп иштерди жасашы зарыл.

Соңку 30 жылда болуп өткөн социалдык деформациялар, өлкөбүздө арааны жүргөн рынок экономикасы, либералдык саясат, бийлик тарабынан мамлекеттик тилге карата болгон жүрнары мамиле, каржылоонун өксүктүгү тилдин тамыр жайышына кедергисин тийгизди. Азыр кыргыз тили кризис абалында турат, анткени чалды-куйду, стихиялуу өнүгүүдө. Расмий-канцелярдык стиль ушул кезге чейин илимий негизде бир калыпка салына элек. Гезит-журналдардагы материалдарда, радио-телепрограммаларда, жарнамаларда стилистикалык оркойгон каталар, орой сөздөр жайнайт, лексикасы өтө кунарсыз, жарды. Ушунун өзү публицистикалык стилдин да кедери кетип жатканын, журналисттердин, интеллигенциянын, мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлердин сабаттуулугу төмөндөп кеткенин көрсөтүп, тилибиз жакырланып баратканынан кабар берип  турат. 

Ошон үчүн өлкөдөгү мамлекеттик тилдин ал-абалын, көйгөйлөрүн изилдеп, жыйынтык чыгара турган мезгил келди, маселе бышып жетилди. Эң эле өкүнүчтүүсү, бизде тил илими, адабият таануу тармактарынан башка илимий стилдер калыптанбаган абалда турат. Юриспруденция, экономика, саясат таануу, педагогика, философия, социология адистиктери боюнча илимий стилдин дыңы бузулбай жатат. Бул багыттардын терминдери, туюнтмалары, түшүнүктөрү, тармактык сөздүктөрү кыргыз тилинде иштелип чыккан жок. Философияда Ж.Бөкөшев, саясат таанууда Ж.Жоробеков, Ч.Сыдыкбаев сыяктуу окумуштуулардын чекене демилгелерин эске албаганда, демейде илимий наам, даража дегенде буту үзүлгөнчө чуркаган кандидат, докторлордун бири да чындап козголуп, мамлекеттик тилде илимий эмгек жазганга далалат кылышкан жок. Ал эми медицина, техника, айыл чарбасы, так, табигый илим тармактарында жакын арада изилдөөлөр кыргыз тилинде жүргүзүлөт деп айтыш кыйын. Эмнеси болсо да, илимпоздор эне тилибизге кайдыгер мамиле жасап жатышат. Илимий стиль адабий тилдин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, байыта турган, өсүп-өнүгүүсүн шарттаган негизги стилдердин бири болуп саналарын биздин урматтуу окумуштуулар билишпейби? Же алардын баары космополит болуп алышканбы? Ушундай жүйөлүү себептерден улам мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнүн өксүктөрү көбөйүп, илим тармагындагы булагы соолуп, күрөө тамыры согуп-сокпой араңжан абалда турат. 

Илимпоздорго караганда молдолор жигердүү иш жүргүзүшүп, динди элге кеңири жайылтуу аракетинде хадистерди жана башка диний мазмундагы китептерди араб, фарси, түрк тилдеринен кыргыз тилине которууну колго алышып, саман-топонун аралаштырып, диний китептерди тынбай чыгарып, сатуу, таратуу иштерин да жолго коюп алышкан. Бирок чыккан китептердин тексттеринин баары сабатсыз, орфографиялык, пунктуациялык каталарды эске албаганда да, келегей тил менен өөдүк-сөөдүк которулуп, тажрыйбасы жок дилетанттар тарабынан кыргызчаланган бул диний китептер ансыз да чайналып, араң турган эне тилдин кутун учуруп, кунарын кетирип жатканы өкүнүчтүү.

-- Анда мамлекеттик тилдин абалы абдан эле кыйын турбайбы. Абалды оңдоо үчүн бийлик тарабынан дагы кандай чаралар көрүлүшү керек?

-- Өткөн жылы “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепция” тууралуу президенттин жарлыгы чыккан. Кыргыз коому ааламдашуунун шарында кетип бараткан учурда тилдин көйгөйлөрүн да камтыган  бул жарлык өз учурунда кабыл алынган маанилүү документ болду. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов элибизди улуттук жана жалпы адамзаттык руханий дөөлөттөрдүн духунда тарбиялоо үчүн ириде “Манас” баш болгон улуттук нарктардын башатына, каада-салттарга кайрылуу керек экендигин айтып, бул концепцияны жетекчиликке алуу менен мамлекеттик идеологиянын негизги багыттарын белгилеп, аны жүзөгө ашыруу чараларын көрүп жатат. 

Билим берүү министрлигинин жаңы жетекчилиги жакшы идеяларды көтөрүүдө. Ошону менен бирге балдар бакчаларында, мектепте, колледжде, ЖОЖдо мамлекеттик тилди окутуунун саат-көлөмүн көбөйтүп, сапатын жакшыртуу, айрыкча окуучуларга, студенттерге, магистранттарга, расмий жана иш кагаздарынын стилинин терминологиясын, лексикасын, грамматикасын теориялык жана практикалык жактан терең окутуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүсү зарыл. Ошондой эле жетим баладай кароосуз калган илимий стилди калыптандыруу максатында коомдук, табигый, так, техника, медицина, айыл чарба илим тармактарында мамлекеттик тилде жүргүзүлө турган изилдөөлөргө гранттарды бөлүүнүн механизмдерин иштеп чыгып, илим жаатында кыргыз тилинде монография, окуу китебин, окуу куралдарын чыгарган авторлорго дем берип, мотивациялап, сүрөп туруу – мезгил талабы.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер