Акыркы кабарлар
» Саясат » Улан Ниязбековду президент Садыр Жапаров ара жолго таштабаса керек
Улан Ниязбековду президент Садыр Жапаров ара жолго таштабаса керек
20-апрель, 07:20
599 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Өткөн апта соңунда “Регион” телеканалы ички иштер министри Улан Ниязбековдун короосуна таш ыргытып, милициянын кадр саясатын сындап, болушунча жамандаганга аракет жасашты. “Жылан чакпай, жылкы теппей” эле сокку жасашты. Бул канал кимге караштуу экенин билебиз да. Демек, төбөлдөрдүн ортосунда мамиле анчейин жылуу эмес окшойт. Ич ара карама-каршылыктар ушундай көрүнүштөрдөн улам байкалып калат эмеспи. А бирок, бизге жеткен маалыматтар боюнча алсак, президент Садыр Жапаров министр Улан Ниязбековду катуу колдоп келатат. “Жандооч кийик аттырат” деген лакап бар. Кеп төркүнү түшүнүктүү да. Жолбашчы негизги жоокерин ара жолго таштабаса керек...
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити