Акыркы кабарлар
» Коом » Бельгиялык жаран кыргыз кызга үйлөнүү үчүн ислам динин кабыл алды
Бельгиялык жаран кыргыз кызга үйлөнүү үчүн ислам динин кабыл алды
08-ноябрь, 17:06
360 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ош шаарында Альберто Вотир аттуу бельгиялык жаран ислам динин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, чет элдик жаран кыргызстандык Маркиза Шумкар кызын жактырып, ага үйлөнүү максатында Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек Токтомушевге келишкен. "Мирланбек Токтомушев мусулман кызга үйлөнүү үчүн ислам динин кабыл алып, мусулман болуу керектигин жана ислам негиздерин түшүндүрүп берди. Альберто Вотир буга чейин Курандын котормолорун окуп жүргөнүн, өзү да мусулманчылыкты кабыл алууга кызыкдар экендигин билдирип, келме айтып, мусулман болду" деп айтылат маалыматта.
Бөлүшүү: