Кайрадан Абыкеев жөнүндө, же “челек жалаган” тутулабы?
Мукабасынын сыртында Садыр Жапаровдун тээ алысты карап кыялданып турганын элестеткен сүрөтү менен чыккан китебин мен айылдык көрүп, колума алып окуган эмесмин. Окубаганым ырас болуптур. “Азия Ньюстун” (7-март 2024-жыл) “Ажонун китебин “чампалаган” Абыкеевдин сабатсыздыгын” окуп алып, 41 миң нускада чыккан китепти окуган журналисттер, филологдор ичиндеги толтура каталарга баш чайкашканына ынандык. “Ката жазылган китеп үчүн Абыкеев жооп береби? Жазасын алабы?” деген редакциянын дооматын мен адилетсиздик катары атадым. Анткени китеп даярдалганда, чыныгы автор катары Садыр Жапаров баштан-аяк тыкыр карап чыгып, катасы болсо оңдоп, анан басмага берсе болмок.
Акыйкаттык үчүн айтканда, окурмандын баары “Садыр Жапаровдун китеби” деп окуйт да. Чолпонбек Абыкеев болсо көмүскөдө калат. Демек, этияттыкка албаган Садыр Жапаров өзү күнөөлүү да, же башкача айтканда, “айран ичкен кутулуп, челек жалаган” Абыкеев тутулабы?!
"Азия Ньюс" гезити