Акыркы кабарлар
» Коом » “Тилек шоу” дейби? Өздүк курам да ашкере пиардан чарчагандай...
“Тилек шоу” дейби? Өздүк курам да ашкере пиардан чарчагандай...
02-март, 12:37


Свердлов РИИБ начальниги Тилек Тюкебаев ар жума сайын Инстаграмдагы өзүнө караштуу баракчасына видеолорду жүктөтүп, пиар кылганы коллегалары тарабынан сындалып келүүдө. Жада калса кеңешме өткөргөнүнөн бери тарттырып, аны музыка менен коштотуп, жарыялап турат. Негизи ИИМ жетекчилеринин ар бир эле жыйыны соцтармакка чыга берсе, баркы кетип калбайбы? Өзгөчө күч органдарынын башчылары жеңил-желпи болбой, олуттуу, сырдуу жүрүшү керек да. Өздүк курамы бекеринен “Тилек шоу” деп тергеп жатышкан жокпу? Жети өлчөп, бир кесүү керек...











