Акыркы кабарлар
» Коом » Коронавирусту токтото алчу витамин аныкталды
Коронавирусту токтото алчу витамин аныкталды
29-август, 12:39

Индиянын окумуштуулары "B12" витамини коронавирустун көбөйүп кетишине бөгөт коё аларын аныкташты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, адистер компьютердик моделдөө жүргүзүшүп, кайсы табигый азыктар менен дары-дармектердин молекулалары вирустун организминде өсүшүн басаңдатарын аныкташкан. Натыйжада, "В12" витаминини вирустук клеткалардын репликациясын басууга жөндөмдүү экендиги белгилүү болгон. "Бул затты медициналык персоналга, кары-картаңдарга же түрдүү оорусу барларга вирусту алдын алуу максатында берсе болот", - деп айтылат маалыматта.
Деген менен окумуштуулар COVID-19дан жабыркагандарды дарылоо протоколуна өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн мурда бир катар кошумча изилдөөлөр талап кылынарын белгилеген.