Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Сталин өлгөндө Хрущев ушунчалык катуу ыйлагандыктан, люстралар чайпалып кетти”

“Сталин өлгөндө Хрущев ушунчалык катуу ыйлагандыктан, люстралар чайпалып кетти”

18-ноябрь, 16:24
628 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1953-жылы 6-мартта лидердин сөөгү салынган табыт Союздар үйүнүн колонна залына коюлган. Өлкө жетекчилиги: Маленков, Берия, Молотов, Ворошилов, Булганин, Каганович, Микоян жана лидердин балдары Василий менен Светлана ардактуу кароолдо турушту. Баарынын жүзүндө кайгы, бирок башка эмоция жок. Буркурап, боздоп ыйлаган жалгыз адам – бул Хрущев болду. Көз жашын тыя албай, өзүн кармана албай ыйлады. 

“Хрущев ошол залда шамчырактар солкулдап кеткенчелик катуу ыйлаган жалгыз адам болчу. Залдан чыгып баратканда досум Патракеев мага “Грузиядан келгендер буга “ыйлап койчу” деп акча төлөп бергендей сезилип жатат деди” деп эскерет КГБнын экинчи башкармалыгынын башчысынын орун басары Филипп Бобков.

9-мартта СССРдин жападан-жалгыз генералиссимусу мавзолейге, Лениндин жанына коюлду. Колонналар залындагы коштошуу аземи үч күн, үч түнгө созулду. Шопендин сөөк коюу маршынын үнү астындагы жүрүш Кызыл аянтка карай жылды. Мавзолейге баруу 22 мүнөткө созулду.

Сөөк коюу аземинде Хрущев ыйлаган жок. Бирок, камералар анын абдан капаланган жүзүн тартып алышты. Бул жөн гана лидерди эмес, досун жана жолдошун көмүп жаткан адамдын жүзү эле.

Арадан сегиз жыл өттү. 1961-жылдын 31-октябрынын түнүндө ошол эле Хрущевдин буйругу менен Сталиндин сөөгү мавзолейден жашыруун түрдө алынып салынды.

КГБнын 9-башкармасынын башчысы жана Кремлдин коменданты Веденин пландаштырылган иш-чара жөнүндө бир аз мурун Хрущевдун өзүнөн угат. Сталиндин сөөгүн алып кетүү боюнча чакырыктар бир күн мурун съезддеги трибунадан айтылганына карабастан, ал абдан таңгалып, капа болот.

Веденин Сталинге абдан берилген адам болгондуктан, ал үчүн бул трагедия болгон. Офицерлердин арасында көптөгөн ардагерлер бар эле. Алар бул ишке абдан терс көз карашта болушкан” (Николай Берлев. Иш-чаралардын катышуучусу).

1961-жылдын 31-октябры шейшембиге туш келген. Ошол окуялардын жалгыз күбөсү Николай Васильевич Берлев формаларын жумуш кийимине алмаштырып, күзөтчүсү менен бирге Кремль дубалынын жанындагы оор чопо топуракта терең чуңкур казганын эскерет. Анан алар кайрадан кийимдерин алмаштырып, Мавзолейге барышат. Ал жерде эки лабораториялык кызматкер Сталиндин денесин атайын резина капка салышат.

Генералиссиумустун топчулары, погондору кесилип, Эмгек Баатыры медалы алынып салыныптыр” (Николай Берлев. Иш-чаралардын катышуучусу).

Лидердин формасындагы погондорду ким кескени белгисиз. Бриллианттар менен кооздолгон алтын топчулар, алтын погондору жана Эмгек Баатыры жылдызы менен бирге сыйлыктар сакталган атайын бөлмөгө өткөрүлөт.

Сталиндин сөөгү коюлган күнү Патриарх өзү Елохов соборунда Кудайдын кулу Иосивди эскерүү зыйнатын өткөргөн.

Бир гана Микоян келди. Аны Кремлдин коменданты Веденин тосуп алып, мүрзө жакка чакырды. Микоян колун шилтеп, барган жок. Дасторкон жайылган бөлмөгө кирип кетти” (Николай Берлев. Иш-чаранын катышуучусу).

Бул учурда Сталиндин сөөгү саркофагдан алынып, ошол эле күнү жасалган табытка коюлган. Бул көрүнүштү ардактуу кароол ротасынын жоокерлери кылдаттык менен көзөмөлдөп турушкан, алар лидерди көмүшү керек болчу.

“Ал которулган табыт абдан жөнөкөй экен. Алтургай тактайлары да жакшы тегизделбептир” (Николай Берлев. Иш-чаранын катышуучусу).

Табыттын жөнөкөйлүгү жаш жоокер Берлевди өзгөчө таңгалдырат. Бул Кудайга акаарат келтиргендей сезилет ага.

Табыт жыгачтын таарындыларынан жасалыптыр. Дыйканга ылайыкталган табыт экен. Ведениндин капа болгону байкалып турду. Микоян дагы депрессияда болчу” (Николай Берлев. Иш-чаранын катышуучусу).

КПСС Борбордук Комитетинин саясый бюросунун чечими менен кайра көмүү боюнча комиссия түзүлүп, аны партиялык көзөмөл комитетинин төрагасы Шверник жетектеген. Анын курамына Грузия коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Мжаванадзе, Грузия министрлер кеңешинин төрагасы Джавахишвили, КГБнын төрагасы Шелепин, Москва облустук партия комитетинин биринчи катчысы Демичев жана Москва шаардык кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы Дыгай кирген.

Бирок, Мжаванадзе съездден кийин дароо учакка отуруп, Грузияга кетип калат. Себеби, ал өз мекенинде Сталиндин мүрзө казуучусу катары кабыл алынгысы келген эмес. Калган комиссия мүчөлөрү кечки саат 9:00 чамасында Мавзолейге келишет.

Саат 23:00гө чейин табыт алынып, мүрзөгө түшүрүлдү” (Николай Берлев. Иш-чаралардын катышуучусу).

Сталиндин сөөгү Новодевичий көрүстөнүнө, Надежда Аллилуеванын жанына коюлушу керек болчу. Бирок, уурдап кетишет деп коркушуп, аны Кремль дубалына коюшат. Себеби, ал жер 24 саат бою кайтаруу астында болгон.

“Алар сөөгү бар табытты алып чыгып, мүрзөгө түшүрүп, көмүштү. Аты-жөнү, туулган күнү жана өлгөн күнү жазылган такта кагышты” (Николай Берлев. Иш-чаранын катышуучусу).

Табытты жабалы дешсе мыктарды унутуп калышкан экен. Бирок, анын айласын бат эле табышты. Мавзолейдеги Сталин деген жазууну желим пленка менен каптап коюшат. Бирок, суукта пленка тунук болуп, Сталин деген ат даана көрүнүп турду. Сталинди көмгөндөн кийин комиссиянын баардык мүчөлөрү Кремлге барышып, ал жерде Шверник баарынан лидерди кайра көмүү жөнүндө актыга кол коюуну суранат. 

1971-жылы сентябрь айында Хрущев каза болуп, cөөгү Новодевичий көрүстөнүнө коюлган. Эрнст Неизвестныйдын ак-кара эстелиги анын карама-каршылыктуу мүнөзүнүн маңызын абдан так чагылдырып турат.

1970-жылы Сталиндин мүрзөсүнө скульптор Николай Томскийдин бюсту орнотулган. Кызыгы, бири баары бир Кызыл аянтта – Лениндин жанында калды, экинчиси бийлик борборунан алыс жайгашкан көрүстөнгө көмүлдү.   


  "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер