Индиянын эң бай миллиардери жол кырсыгынан каза болду
Индиядагы белгилүү ишкер үй-бүлөлөрдүн биринин мураскору, миллиардер Сайрус Мистри жол кырсыгынан каза болду.
Жол кырсыгы Ахмедабад провинциясынан Мумбайга баратканда болгон. Кырсыкка кабылган “Mercedes” унаасынын ичинде 54 жаштагы Сайрус Мистри жана жардарчылары бар болчу.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсыкка айдоочунун жогорку ылдамдыкта келе жатып, башка унааны басып өтүүгө аракет кылганы себеп болгон. Натыйжада унаанын рулун башкара албай, көпүрөдөн өтүп бара жатып тосмону сүзгөн. Унаанын ичиндеги төрт адамдын экөө кырсыктан аман калып, ооруканага жеткирилген. Ал эми Сайрус Мистри жана дагы бир адам кырсык болгон жерде жан беришкен.
Полиция окуя боюнча деталдуу иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Мистринин үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аны Индиянын алдыңкы бизнес лидери болчу деп атады.
2012-жылдан 2016-жылга чейин Мистри Индиядагы эң ири компаниялардын бири болгон “Tata Group” көп улуттуу компаниясынын төрагасы болгон. “Bloomberg Billionaires Indexтин” маалыматы боюнча, Мистри 29 миллиард долларга жакын байлыкка ээ болгон жана ал Индиядагы эң бай адамдардын катарында эле.