Акыркы кабарлар
» Коом » Абал оорлошуп баратат. Коронавирус дагы 162 адамдан табылды
Абал оорлошуп баратат. Коронавирус дагы 162 адамдан табылды
02-апрель, 13:56
705 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бир суткада коронавирус 162 адамдан табылып, 82 бейтап айыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек — 112;
Чүй облусу — 39;
Ысык-Көл — 7;
Ош шаары — 1;
Жалал-Абад облусу — 1;
Ош облусу — 1;
Баткен облусу — 1.
Талас жана Нарын облустарында илдет жуктурган жаңы учур катталган эмес. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 88 700 киши коронавирус менен ооруган. Анын ичинен дартты 84 979 бейтап жеңген.
Бактыга жараша, өткөн суткада вирустан каза тапкандар катталган жок. Негизинен өлкөдө өлүм учурларынын саны 1 500гө жетти.