Назарбаев менен куда болгон Кулбараков


Жогорку Кеңештин экс-депутаты Абтандил Кулбараков Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен куда болду. Дегенибиз, Назарбаевдин аталаш иниси, Нуракенин доорунда Казакстандын мунай тармагын чеңгелдеп турган Кайрат Сатыбалды уулунун Амира аттуу кызын экинчи уулу Султанга алып берип, 6-сентябрь күнү борбор калаанын ресторандарынын биринде Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартып той берди. Эмне дейли, куда кут болсун, бай-бача мүнөздөнгөн Абток мырза! Хан тукумунан келин алып көңүлү жайланган Абтандил Илдузович эми алдыдагы шайлоонун камын көрүп, Кочкор–Жумгал окуругу боюнча ат салышууга белсенип турган чагы. Шайлоодо каны дүргүп турган жаш жигиттер мандатты илип кетеби же «Бөрү карыса да бир койлук алы бар» экенин Кулбараков көргөзөбү? Абай салып байкай туралы.
"Азия Ньюс" гезити











