Шайлообек Атазов, ЖК депутаты: “ТЭЦке президент барды, мен эми барам...”

-- Шайлообек Карыбекович, Бишкек ТЭЦи сиздин округдун аймагында жайгашкан эмеспи. Жакында эле болгон кырсыктан кийин ал жакка барып, абал менен тааныша алдыңызбы?
-- Президентибиз өзү баш болуп барып келди. Азыр деле иш-чаралар жүрүп жатат. Мен да ошол аймактан шайланган депутат катары ушул жуманын аягында барып, шайлоочуларым, ТЭЦтин жамааты менен жолугуп келүүнү пландап жатам.
-- Сиз дагы ТЭЦтеги кырсыкты шалаакылыктын натыйжасы катары мүнөздөдүңүз. Эмнеге таянып андай тыянакка келдиңиз?
-- Шалаакылык, кайдыгерлик болбосо жарылбайт болчу. Биздеги маалыматтар боюнча, кырсык өз ишин билбеген адистердин айынан, ошондой адистер коюлгандыгынан, эскилиги жеткен тетиктер өз убагында алмаштырылбаганынан болгон. Жеринен барып көргөндөн кийин дагы көп нерсе айкындалат го деп ойлойм. Көз каранды эмес комиссия түзүш керек. Ал жерде биз билбеген, эл билбеген көп нерселер бар.
"Азия Ньюс" гезити