Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ипотекага жылдап кезекке турган мугалимдер менен врачтар үмүт үзө башташты

Ипотекага жылдап кезекке турган мугалимдер менен врачтар үмүт үзө башташты

02-сентябрь, 09:00
372 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

УКМК кызматкерлерине 306 батир бекер берилди, буга чейин деле аларга мамлекеттин эсебинен берилип келген. Ажо “дагы беребиз” деди. “Мугалимдер менен врачтарга ипотека менен берилип жатат” деп жооткотту. Ажо мырзага туура эмес маалыматтар берилип жатканбы, айтор, мамипотека “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” дегендей эле өлөсөлүү абалда экенинен ажонун кабары жок окшойт. Ипотекага жылдап кезекке турган мугалимдер менен врачтар азыр үмүт үзө башташты. Ажо мырза мугалимдер менен врачтарга бекер үй бербесе да, ипотека кандай иштеп жатканына бир кызыгып, оң көзү менен карап койсо дурус болчудай. Болбосо, УКМКга өз баладай, мугалимдер менен врачтарга өгөй баладай мамиле жасалып жатат.

Имиш-имиштерге караганда, ажолордун бири “мамлекеттин эсебинен УКМК менен ИИМге үй бергенден көрө мугалимдер менен врачтарга үй берсем болмок экен” деп өкүнүп жүрөт деп айтышууда. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер