Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев: “Калктын альтернативдүү жылуулук булактарына өтүүгө каржылык мүмкүнчүлүгү жок”

Расул Умбеталиев: “Калктын альтернативдүү жылуулук булактарына өтүүгө каржылык мүмкүнчүлүгү жок”

20-сентябрь, 09:00
311 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Калктын бир бөлүгү жылуулуктун альтернативдүү булактарына өтүүгө каржылык жактан мүмкүнчүлүгү жок экенин айтышууда. Кыш кырааны чочулатат го?..

-- Баарыңыздар билгендей, буга чейин энергетикага өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Анан көрүп тургандай, ал жакта кризис чечилбей, тескерисинче, күчөп баратат. Анан таңгалычтуу деле эмес, электр энергиясынын тартыштыгы жыл сайын, өзгөчө кыш айларында болуп, калк үчүн 5 кВт/саат нормасын айтат. Бул чектөө айланы гана кетирет. Көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн оор жагдай жаралууда. 

Ал эми өткөн жылы 1-октябрга карата Токтогул суу сактагычында 13 миллиард 600 миллион метр/куб суу топтолгон эле. Быйыл бүгүнкү күнгө карата ал жерде 11 миллиард 300 миллион кубометр бар суу бар. Октябрдын башына чейин эң көп дегенде 11 миллиард 600 миллион кубометр топтолот. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу миллиард куб/метрге азыраак. Ал эми ГЭСтердин өзгөчөлүгү: суунун көлөмү азыраак, басымы төмөн жана ошого жараша ГЭСте анын керектөөлөрү да бар. Ошондуктан жаз-жай айларында ар кайсы органдарга кайрылып, суунун чыгымын азайтуунун жолдорун карап көрүүнү сурандым, бирок жыйынтык жок. Керектөө болсо жыл санап өсүүдө. Албетте, анан кышында чектөөлөр болот. Сактагычтар орнотулуп, 5 кВт/сааттан ашык керектөөчүлөргө үйлөрдө жана батирлерде электр жарыгы өчүрүлөт. Мүмкүн бул кырдаалда электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

Эксперттин айтымында, энергетика министрлигинин жетекчисинин орун басарынын жарандарды альтернативдүү жылуулук булактарына өткөрүү сунушу баарына эле жеткиликтүү эмес. Мындай сүйлөшүүлөр 20 жылдан ашуун убакыттан бери болуп келатат. “Көмүргө, газга өтүү керек” дешет. Бирок азыр көмүрдүн тоннасы 5-6 миң сом турат. Кыштан минималдуу түрдө 5-6 тонна менен чыгуу керек, б.а., 25-35 миң сомдун тегерегинде көмүргө кетет. Аз камсыз болгондор, пенсионерлер буга акчаны кайдан алышат? Газ ансыз деле кымбат, балким андан да кымбаттайт. Демек, калктын альтернативдүү жылуулук булактарына өтүүгө каржылык мүмкүнчүлүгү жок. Алдыда оор эле күндөр күтүлөрү шексиз... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер