Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Медербек Сатыев сот системасын оңдой албаса кетсин да!

Медербек Сатыев сот системасын оңдой албаса кетсин да!

18-август, 00:01
825 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев өткөн жумада пресс-конференция берип, агынан жарылыптыр. Таңгалып, ачууланып сүйлөп жатты. Ал соттордун этикага сыйбаган жоруктарын, пара алгандары тыйылбаганын айтып, буркан-шаркан кайнаганы кызык. Медербек Сатыев асмандан түшө калып, таңданып жаткандай элес жаратууда. Өзү ушул системанын башында отурбайбы! Таза иштөөнүн үлгүсүн көрсөтүп, буга чейин булганган сотторду тазалоого кам көрбөйт беле? Эгерде дарамети жетпесе, моралдык жагын ойлоп, колунан келген ишке эле кетип калбайбы, туурабы? Жалпы коомчулукка маалым, соттор мурда кандай пара алышса, азыр деле ошондой жоруктарын улантып келишет. Айрым билингендери кармалууда. Тилекке каршы, булар коррупцияны уюштуруу, акча жасоо жагынан укмуштуудай тажрыйбага жетишкенин кантип танабыз? Мисалы, сотторго күнүң түшүп калса, адвокатың же кандайдыр бир ишенимдүү адамдар аркылуу берчүңдү берип, анан кызыкчылыктарыңды ишке ашырасың го? Мындай көрүнүштү баарыбыз эле билебиз. Эң кызыгы, Медербек Сатыевге гана жаңылык болууда. Канча убакыттан бери сот системасын оңдой албай, чайналып жатса, мамлекетти артка тартпай, кете бербейби? Дараметин көрдүк да. Жогорку соттун төрагасын эч ким тоготпой калганын кантебиз? Эми эс алсын...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер