Акыркы кабарлар
» Саясат » Эрдоган министрлери менен Украинадагы абалды талкуулайт
Эрдоган министрлери менен Украинадагы абалды талкуулайт
28-февраль, 16:35

Бүгүн 28-февралда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын төрагалыгы астында министрлер кабинетиин жыйыны өтүп, анда Россиянын Украинадагы иш-аракети талкууланат. «Жыйында тышкы иштер министри баяндама жасайт жана Россиянын аракетин токтотуу үчүн ортомчу болуу маселеси да каралат» деп билдирди
«Хабертүрк» («Нaberturk»). Ошондой эле Украинадан түрк жарандарын чыгаруу иши талкууланат. Украина Түркия көзөмөлдөгөн кысыктардан орус аскер кемелерин өткөрбөөнү суранууда. Жыйындан соң түрк президенти элге кайрылуу жасайт.