Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атыр Абдрахматова, БШКнын мүчөсү: “Шайлдабековага ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетирели!”

Атыр Абдрахматова, БШКнын мүчөсү: “Шайлдабековага ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетирели!”

23-май, 00:36
2 145 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Атыр айым, 5%дык босогонун, күрөөнү 5 миллиондон 1 миллионго түшүрүү колдоо таппаганы кандай ойдо калтырды?

-- Жогорку Кеңештеги конституциялык комитеттен жалпы республика боюнча 5%дык босого жана шайлоого коюла турган күрөөнү 5 миллиондон 1 миллионго түшүрүү боюнча комитеттин мүчөлөрү колдобой коюшту. Эки гана депутат колдоп чыкты. Алар И.Масалиев жана Н.Никитенко. Мыйзам долбоору сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин жыйынынан каралышы керек.   

Көпчүлүк депутаттардын колдобогону, тилекке каршы, эски саясатчылардын, капчыктуулардын кайрадан бийликке келишин камсыз кылат. Ушул адамдар Жогорку Кеңешке шайланса, кайра эле ошондой адамдардан өкмөт куралып, мамлекетте эч кандай өзгөрүүлөр болбойт. Бул менин жеке пикирим. Биз канча шайлоону көрдүк. Азыркы учурда бизге жаңы саясый жүздөр шайлоого катышып,  саясатчылардын орун алмашуусу керек экени зарыл болуп турат. Ошол эле Украина, Грузия, жакынкы эле Өзбекстанды карап үлгү алсак болот. Жаңы муундагы, башкача ой жүгүрткөн, башкача мамлекетте жашагысы келген, күйүп-жанган жаштар арбын.

Ошол эле фермерлердин, ошол эле жашылча-жемиш саткандардын балдары, IT кызматындагы мыкты жаштар, биология, химия, физика илимдерин өнүктүрө турган илимпоздор керек. Андай башкача көз караштагы адамдар келиши үчүн капчыгында тыйыны болушу керек. Шайлоо босогосун 5%га түшүрмөйүнчө мурдагы эле саясатчылардын жүзүн көрөбүз. Жаңы жүз боло турган мыкты, чыгаан жаштар дагы көлөкөдө калат.   

Шайлоо босогосунун пайызы, шайлоого коюлган күрөө өлчөмү – экөө тең карапайым адамдарды жолотпоого чоң тоскоолдук жаратат. 

-- Шайлоо комиссиясынын төрайымы Шайлдабекова олигархтарды колдогону, өз билемдигине салганы көпчүлүктү кыжырлантты го...

-- Азыркы 7%дык шайлоо босогосун жактап, 5 млн. шайлоо күрөөсүн азайтууга Шайлдабекованын каршы чыгышы, кайтадан капчыктуу олигархтардын, административдик ресурстун талапкерлери гана бийликке келишине көмөктөшкөнүн көргөзүп койду. “Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дегендей, БШК төрайымы Шайлдабекова бүгүн Конституция менен шайлоо комиссиялары жөнүндөгү мыйзамды дагы бир ирет бузду...

Боршайкомдун жыйынында биз менен, баардык БШКнын мүчөлөрү менен макулдашпастан, жеке өзүнүн пикирин расмий БШКнын позициясы катары берди.
 Бул өз укуктарын жана кээ бир саясый топтордун кызыкчылыгын шайлоочулардын, элдин кызыкчылыгынан жогору койгонун билдирет.

Статистикалык маалымат беримиш болуп, “азыркы ЖКда 7%дык шайлоо босогосу менен шайланып келген парламент элди консолидацияга алып келди” деп саясый манипуляцияга барды. Ар бир жаран Шайлдабекованын бул иш-аракетине, ар бир жарандын шайлануу укугуна тоскоолдук жаратканына, карапайым элден чыккан лидерлерге бут тосуп, атайын тоскоолдук жаратканына баа бериши керек. Борбордук шайлоо комиссиясынын атынан сүйлөп, төрайым өз макамынан ашыкча чыгып кетти.   

Саясый кайсы бир чечимдерди чыгарууга, саясатка аралашууга эч кандай укугу жок. Жеке пикирин таңуулаганы – бул мыйзамсыз. Бул биринчи жолу болгон жок. Кесиптештерибиз менен талкуулап, ишенбөөчүлүктү көрсөтүп, кызматтан кетиришибиз керек. Ушундай иш-аракеттер менен шайлоонун жыйынтыктары бурмаланып, шайлоочулардын укуктары тебеленип калат. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын укуктарын коргошу керек. Жогору жактагылардын укугун таңуулап конституциялык мыйзамды бузуу болду. Төрайымды кызматтан кетириш керек.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер