Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Погончон крысалар”: Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевдин Бишкекте жүргөнү айтылууда

“Погончон крысалар”: Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевдин Бишкекте жүргөнү айтылууда

31-декабрь, 09:30
5 740 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Погончон крысаларга” кепти буралы. Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев Бишкекте эле жүрөбү? Эч кимди тоготушпайбы? Бул боюнча орган кызматкерлери тарабынан күбүр-шыбыр кепти кантип тыябыз? Эмне үчүн бийлик кылмышка шектүүлөргө издөө салып, камакка алуу аракетин көрбөй келүүдө? Кой-Таш окуясындагы элдин жапырт тепки жегени, ар кандай оор жаракаттарды алышканын баарыбыз билебиз... Кийин 4-5-октябрда орун алган борбор калаабыздагы башаламандык, Үмүтбектин өлүмү, жүздөгөн жарандарыбыздын жарадар болушу, аныгында, канчасы майып катары кыйналып жүрүшөт? О.э. милиция кызматкерлеринен да жабыркагандар арбын эле. Дал ушундай аянычтуу көрүнүшкө Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев күнөөлүү экенин коомчулук какшап айтып келатса да, эмне үчүн реакция берилбейт? Мындай “жексурларды” камакка алып туруп, кашайта сурак кылып, элдин көксөөсүн суутуш керек. Булар “ырдаган тейде” Сокеге көрсөтмө беришип, көп сырларды ачып беришмек. Акыры Сооронбай Жээнбековдун дагы кан төгүүгө себепчи катары жазасын алары ачыкталып, камалып, калыс баа берилмек. Ошондо бийликтин рейтинги көтөрүлөт эле. Оор үшкүрүктөр чыгып... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер