Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Менин турган турпатым эле насаат” деп Махатма Ганди айткандай...

“Менин турган турпатым эле насаат” деп Махатма Ганди айткандай...

24-июль, 18:56
295 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакшылыктын кичинеси, чоңу болбойт. Адам көңүлүн көкөлөткөн кымындай эле жакшы кабар, жакшы мамиле, жылуу сөз, же тескерисинче, кымындай эле жаман сөз көңүлдү чөгөрүп, жүрөктү оорутуп коюшу мүмкүн. Биз мындан ары гезитибиздин сандарында сөз кылып турмакчы болгон адамдар биздин эле арабызда жашашат, көпчүлүктөн эч өзгөчөлөнбөй, биз түшкөн троллейбуска түшүшөт, биз кирген дүкөндөн нан сатып алышат. Бирок, көпчүлүктөн алардын бир айырмачылыгы – күнүгө бирөөгө жакшылык кылып, бирөөнүн көңүлүн сүйүнткөндү өздөрүнө адат кылып алышкан. Бул алар үчүн демейдеги нерсе, турмуш образы болуп калган.

Жаныбек Ботоев

Кыргызстандагы бардык мектептердей эле Кашкалдак айылындагы мектепте да “Биздин отличниктер” деген дубал гезит болор эле. Ошол гезиттин төрүндө бир тууган Ботоевдер турчу. Адегенде Жаныбек акенин сүрөтү илинип турду. Кийин Жамийла эженин, Тартиптин, Зыйнаттын сүрөтү... Баары сабакты жалаң “5ке” окуган отличниктер эле. Өзгөчө математиканы кыйын билишчү. Кийин ошол эстафета уланып, алардын балдары да мыкты чыгышты. Жаныбек акенин бир кызы Айсалкын АКШнын Бостон шаарындагы Браун университетин бүтүрүп, ошол жерде магистратурасын аяктап, докторлук илимий даражасын коргоп, Гарвард университетинде иштеп калды. Айсалкын карындашыбыз бул барктуу окуу жайда иштеген кыргыздын биринчи карлыгач кызы болсо керек, менимче. Азыр Вашингтон университетинде профессор. Дагы бир кызы Гүлзат Улуу Британиянын университетинде сабак берет.

Жаныбек аке өзү көп жыл Бишкек шаардык мэриясында, кийин дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда иштеп жүрдү. Мыкты юрист. Бирок, кесиптештери, достору, жердештери аны эң оболу адамгерчилиги үчүн сыйлашат. Ар бир таң биз үчүн Жаныбек акенин группадагы амандашуу каты менен башталат. Эртең мененки саат үч менен төрттүн ортосунда турат да, багымдат намазын окуур замат воцаптагы жердештердин группасына кирип, жагымдуу сүрөттөрдү, көңүл көтөргөн ырлар менен сюжеттерди жибере баштайт. Анан колуна кичинекей таякчасын (мен “фельдмаршалский жезлиңизби?” деп тамашалап коём) кармап алып, шаарды жөө кыдырып жөнөйт. Мурда Эркиндик сейил багынын тээ башына, темир жол бекетине чейин барып келчү эле. Азыр маршрутун андан да кеңейтип, калаанын тең жарымын кыдырчу болгон. Ошол сергек турмуш образынын таасириби, басыгы тың, көңүлү дайыма шайдоот. Жашы жетимишти чамалап калса да элүүдөгүдөй көрүнөт. Түштөн кийин болсо “Ала-Тоо” кинотеатрынын алдына келип, шахмат ойнойт. Бул өнөр жагынан ага тең келген атаандаштары аз эле болсо керек.

Бар болуңуз, Жаныбек аке! “Менин турган турпатым эле насаат” деп Махатма Ганди айткандай, биздей инилериңиз үчүн сиздин да баскан-турганыңыз үлгү, ар бир сөзүңүз насаат.


Мамат Сабыров 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер