Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кичине Баатыр кыйкырганда Ормонхандын колунан чыны ыргып кеткен

Кичине Баатыр кыйкырганда Ормонхандын колунан чыны ыргып кеткен

23-август, 20:35
3 131 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кичине Баатыр (Келдибек уулу Сартбай) кыргыздын моңолдор уруусунан чыккан ири журт башчысы, коомдук ишмер. Бул инсан тууралуу тарыхый изилдөөлөр жокко эсе. Кыргыз санжырасында “Баатыр балачы”, “Кичине Баатыр”, “Бала бий” деген каймана аттар менен белгилүү. Бизге жеткен жазма булактарда Актан Тыныбековдун “Алыкенин ашы” аттуу чыгармасында моңолдор элинен Балачы Кичине Баатыр 50 бозүй алып келип тиккендиги айтылат. Ашка Кокондун ханы Алимхан келгендиги жана кыргыздын 40 журт башчылары менен сый көрүп, чапан тартуу алгандыгы баяндалат. Башка эч жерде маалыматтар жок эле, баатырдын тайманбастыгы, калыстыгы, эрдиги тууралуу аңыздар эл оозунда айтылып келген.

Жакында Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынын тургуну Жапаркулов Нарынбек Сакишович Москвада иштеген кызыныкына барып, ал жактан эң баалуу тарыхый маалыматтарды алып келди. Бул маалыматтар орустун атактуу окумуштуусу Николай Алексеевич Северцовдун “Путешествие по Туркестанскому краю” аттуу илимий эмгегинде жазылган экен. 

Северцов Борбор Азияны изилдеген окумуштуу саякатчы, зоологиянын доктору, императордук география коомунун анык мүчөсү 1862-жылы генерал Черняевдин экспедициясы менен Туркестанга келип, илимий экспедиция уюштурган. Бул изилдөөнүн жыйынтыгы менен жогоруда аталган илимий эмгек жазылган. Китептин үчүнчү бөлүмүндө Нарын жана Ак-Сай өрөөнүн изилдеген материалдар жок эмес.

Эл оозундагы маалыматтарда Кичине Баатыр Нарын дарыясынын кууш жерине асма көпүрө салдырып, эки жээктеги элдин катнашына шарт түзгөн, акысына “туяк пул” алып турган. Ал кезде акча жок болгондуктан өткөргөн мал үчүн санына жараша кой, козу алып, колунда жок кедейлерге таратып берчү экен.

Северцовдун маалыматында, азыркы шаркыратма Чар-Карытма деп жазылыптыр. Ал жердеги асма көпүрөдөн Кичине Баатыр экспедицияны өткөрбөй коёт. Сүйлөшүүлөрдөн кийин гана экспедицияны өткөрүп, жигиттери Ак-Сайга чейин аларды коштоп жүргөн.

Илимий эмгек күндөлүк катарында жазылгандыктан так даталары да белгилүү –  21-октябрь 1864-жыл. “Барантач” – ошол мезгилдин тили менен айтканда, жылкы тийген, башка уруулардан, элден жылкы уурдап келген адам. Жоокердик заманда жылкы тийип келип, элин баккан адам зор кадыр-баркка ээ болуптур. Жогоруда белгиленгендей, Кичине Баатыр жапыз бойлуу, арык адам. Замандашы Ормонхан экөө кымыз ичип отуруп, сенин кебетеңде баатырдыкка мүнөздүү деле белгилер байкалбайт, сенин баатырдыгың кайсы жерде?” деген суроо узатыптыр. “Ханым, менин касиетим кыйкырыгымда” деп жооп бергени айтылат. “Кана, кыйкырып көрчү?” деген экен Ормон. “Даярсызбы?” деп Кичине Баатыр сураган тура. Ормон “даярмын” деп жооп берет. Кичине Баатыр кыйкырганда хандын кесеси колунан ыргып, кымызы жайнап калыптыр. Ошондо баатырдын бул касиетине Ормон таң берген экен.

Эл арасында айтылып жүргөн аңыздардын биринде «Тогуз уулунун» (Моңолдор уруусунун бир бутагы) бир байы жылкысын жоого алдырып, Кичине Баатырга келиптир. “Жылкың жоонун малы экен, бир заматта жылкыма жоо тийип, кара короо болуп калдым. Баатыр, жардам бер, каалашыңча жигит топтоп берейин” дейт. Кичине Баатыр “көп кол менен барганда болбойт, кан төгүлүп кетиши ыктымал, мага бир эле тың жигит кошуп берсең болду» дептир. Бир жакшы жигити менен жоону акмалап жүрүп отурушат. Какшаалга жетерине аз калганда, жылкыга тийген жоо кыраакылыгын жоготуп, жылкынын арасынан бир кысыр эмди тайды союп, бир гана атты тушап, калган аттарын “эс алсын” деп бош коё берген кезде, тушалган аттын тушоосун чечишип, баатыр айкырыгын салып, жылкыны Нарынды көздөй айдап жөнөшкөн тура. Кубалайын десе жөө калган какшаалдыктар же тийип келген жылкыдан же минген аттан жок, эки арада куру калышыптыр. Жылкыны аман-эсен жоонун аттары менен кошо тапшырганда, ээси “ушул жылкыдан каалашыңча ал, сен болбосоң кара короо болуп, малы жок калмакмын” десе, Кичине Баатыр “эми аттын бир күндүк тери экен, ушундайда бири-бирибизге жардам кылалы, мал керек болсо кайрылармын” деп, эч нерсе албай бастырып кетиптир. Кийин деле кайрылбаптыр.

Орустун улуу эл экендигин сезип, орустар менен алака түзгөндөн кийин төрөлгөн уулуна Орус деп ат койгон. Кичине Баатырдын Болгонбай, Орус, Чыны деген уулдары болгон экен. Болгонбайдан Тынашпай, Орустан Иманкандын тукумдары азыр Нарын облусунда, Бишкекте турушат.

Ушул эле илимий эмгекте Нарында Кичине Баатыр моңолдор уруусуна кантип болуш (волостной староста) болуп дайындалгандыгы айтылган. Моңолдорлор аз сандагы эл, алар бугулардын карамагында калыш керек деп Атабек, Арзымат чыккан. Мындай шартка Кичине Баатыр көнгөн эмес. Талаш-тартышка орустар  кийлигишип, маселе Токмокто же Верныйда чечилиши керектигин айтышат. Кийинки жылы Жети-Суунун генерал-губернаторунун кийлигишүүсү менен моңолдорлор өзүнчө болуштук болуп түзүлүп, Кичине Баатыр болуш болуп шайланган. Генерал-губернаторго сунушту (рекомендацияны) экспедицияга көргөзгөн көмөгү үчүн Северцов берген экен. Ушул илимий эмгекте арттан келе турган казак-орус аскерлерине моңолдордун айылдарына тийбөөнү, эгерде казак орустар тийе турган болсо, Северцовго түз эле арыздангыла деген талап койгон. Тарыхта Нарын шаары полковник Полторацкийдин казак-орус аскерлеринин чеби катары негизделгени белгилүү. Демек, шаардын негизделишине бабабыз курган асма көпүрө түрткү бергенин так айта алабыз.

Кичине Баатыр калыстыгы, тайманбастыгы менен кыргыз элинин арасында зор кадыр-баркка ээ болгон. Түндүк Кыргызстандын Россия империясынын курамына киришине эбегейсиз салым кошкон. Бул эмгеги орус падышачылыгы тарабынан жогору бааланып, 1913-жылы 21-февралда өткөн Романовдордун такка тургандыгынын 300 жылдык салтанатына кыргыздын журт башчылары менен барган. Делегациянын курамында бизге жеткен маалыматтарда Көлдөн Кыдыр аке Байсары уулу, Байажы (драматург Мар Байжиевдин бабасы) сыяктуу кадырлуу адамдар болгон. Падышанын колунан алтын кашык, күмүш чөйчөк белекке алып, орус армиясынын подполковниги чинин мундири менен алган.

Санкт-Петербургдан келгенден кийин Нарын уездинин башчысы тарабынан кабыл алынып, сый көрсөтүлгөн. “Орус эки күнү жакшы сыйлады, бирок үчүнчү күнү берген тамагы мага жаккан жок, уу кошуп бергендей болду. Мен болбой калдым окшойт, сөөгүмдү Эки Нарынга койгула” деп керээз кылган экен.

Кыргыздын тарыхында бараандуу салымы бар Кичине Баатыр тууралуу илимий изилдөөлөрдү улантуу кийинки муундун милдети. Себеби, “өз тарыхын билбеген эл туңгуюкка капталат” деп ойчулдар бекер жеринен айтпаса керек.

Баатырдын ысымын Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылындагы бир көчө алып жүрөт.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер