Мамкатчы Касмамбетов “Ынтымак Ордонун” улагасында калыптыр...
“Төрдөн эгер орун тийсе нааданга, улагада калганыңа арданба” деген эмеспи кыргыз-түрк даанышманы Жусуп Баласагын. Бул сөз учурдагы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго куп жарашып турат. Эмесе, учкай чечмелеп өтөлү...
Президенттин резиденциясы “Ынтымак Ордо” ачылгандан кийин министрлер кабинетинин төрагасы, орун басарлары менен бирге жаңы имараттын үчүнчү кабатынан орун ээлешет. Мамлекеттик кызматтын иерархиясы боюнча вице-премьерлердей орунда турган мамлекеттик катчы дагы ошол жерде отурушу керек эле. Бирок, үчүнчү кабаттагы ал кабинетти президенттин администрациясындагы катардагы бир начальник Азамат Кадыралиев талашып-сүрүшүп, ээлеп алганын эшиттик. Ал эми Сүйүнбек Касмамбетов биринчи кабаттагы улагада, көчүк айланбаган тар кабинетте отурарын айтышты. Бул жерде ырааттуулук бузулуптур. Улуттук идеологияны жүргүзүүчү Касмамбетов нарк тууралуу көп айтат. Кызыгы, “Ынтымак Ордодо” нарктын тебеленгенин карабайсыңарбы? Акыркы мезгилде президенттин администрациясындагы начальниктердин амбициясы аттын башынан аша баштаптыр. Саясый жетекчиликте алардын ордун көргөзүп коё турган эч ким жокпу?..
"Азия Ньюс" гезити