Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тилек Токтогазиев: “Кредит берилгенче сезон убагы өтүп, маселе чечилгенче жаз бүтмөй болду”

Тилек Токтогазиев: “Кредит берилгенче сезон убагы өтүп, маселе чечилгенче жаз бүтмөй болду”

30-апрель, 04:23
835 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Айыл чарбаны каржылоого бөлүнгөн кредиттер тууралуу сындар айтылып, убагында берилбегени да нааразычылык жаратууда. Кандай дейсиз?

-- Мурдатан иштеп келген айыл чарбаны каржылоо долбоору боюнча 6 млрд. сом бөлүнгөн. Ал февраль айларында эле элдин колуна тийген. Дагы бир кластердик өнүктүрүү долбоору бар. Ал жагынан болсо мен билгенден жумуш токтоп калган. Кластердик өнүктүрүү долбоору эмне үчүн жылбай калды? Анткени 10 млрд. сомду кандайдыр бир тизме түзүп, “тизмеге кирген ишканаларга гана берилсин” деген чектөөлөрдү киргизгени туура эмес. Айыл чарба министри саясатты, туура функцияны аныкташ керек. 

Саясатты аныктоо дегенде чектөө жасап тизме түзбөй эле, керектүү критерийлерди киргизип койсо оңдуу болмок. Ал тизмени ким аныктап жатат? Бул жерде деле жемкорлук. Көп эле ишканалар кире албай калды. Ушундай тизме боюнча суроолор бар. Тизмени ачыкка чыгарганда да импортёрлер ичине кирип калган. Курамына эки эле киши катталган ишканалар 150 млн. сомго чейинки жеңилдетилген кредитти алып жатышат. Муну менен биз өз айыл чарбабызды өнүктүрбөй эле, башка өлкөлөрдүн айыл чарбасын өнүктүрүп жатабыз. Сезон убагы өтүп баратат, маселе чечилгенче жаз бүтмөй болду. Аз болсо да убагында берилген нерсенин баркы жогору эмеспи. Кластердик долбоордун суммасы аябай көп, бирок элди кыйнап эле коюшту.

-- Россиядан келген үрөндөр элге туура жеттиби?

-- Жакында Ош облусунда болуп, дыйкандардын арызын уктум. Алынып келинген үрөн биринчи Ысык-Көлгө, Нарынга (суук аймактарга) таратылып, эң аягында, сезон бүтүп калганда Ошко жеткиришкен. Бир иш жасоо үчүн аны чоюп, убагында бербей, жасабаганы – бул ысырапчылык. Башкаруу системасы туура коюлган өлкөлөрдө мындай көрүнүштөр учурап калса, керек болсо кылмыш иши да козголот. Анткени мамлекеттин бюджетинен акчалар кетип, бирок максатына жетпей жатат. Үрөндөрдү убагында берип, убагында сээп жетишип калуу керек эле. Эгерде жетишпегенге көз жетип жатса, албай эле коюш керек болчу. Азыр ал үрөндөрдү бир жерге сактап коюшат. Бир жылдан кийин ал үрөндөр сапатын жоготот. 

Кредиттер боюнча деле абал ушундай болууда. Айыл чарбаны каржылоо долбооруна эле баарын кошуп койгондо 16 млрд. сом болуп, эч кимдин башы оорумак эмес. Дыйкандар убагында пайдаланып калмак. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер