Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » УИАнын келечегин “кетмендеген” Канатбек Абдрахматов менен Чолпонкул Арабаев

УИАнын келечегин “кетмендеген” Канатбек Абдрахматов менен Чолпонкул Арабаев

26-декабрь, 18:33
770 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын көп жерлери сатылып кеткени белгилүү. Чүй проспектисиндеги башкы имараттын артында футбол академиясынын спорт аянтчалары пайда болгон... Ал эми Шарипа Жоробекова бул мекемени жетектеп, президент болуп турганда УИАнын Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионатынын үч гектар жери казак ишкерлерине сатылып кеткенин кантип кайтарабыз? Анын чуусу басылбай, ачылган кылмыш иши дагы деле бүтө элек. Өткөн жылы Ш.Жоробекова Канатбек Ермекович Абдрахматовду сүрөп, президенттикке сунуш кылып, ушул чуулгандуу иштерин жаптыруу максатында алып келгени боюнча аңыз кептер тараган. “Дагынкысы дагы бар” дегендей, Шарипа Жоробекова кызы Бермет Худайбергенованы КР УИАнын башкы окумуштуу катчысы кылып дайындаткан. Канатбек Ермекович болсо өлкөнүн илим боюнча стратегиялык эң башкы мекемесин аксатып, уюштуруу иштеринен мукурап, ырааттуу тартып кете албай, ар кимден кеңеш сурап жүргөнүн уктук. Ал эми күнүмдүк “чакыр, сүйлөш, байлап кел” деген сыяктуу иштерди вице-президент Чолпонкул Арабаев эптүүлүк менен жакшы аткарып жатыптыр. Кесиптештери “кошоматка кой сойгон” бир кокуй экенин бекер айтышпаса керек... 

Канатбек Абдрахматов жетектеген улуттук илимдер академиясында жаңы долбоор, алгылыктуу идеялар жок. Бул жаатка салкын мамиле кылгандай эле окумуштуулар коомдо болуп жаткан окуяларга да кайдыгер карашып, бир үн кошуп койгонго жарашпай, жүрнары мамиле жасашат. Аныгында, азыр өлкөбүздүн турмушунда кандай жүрөк титиреткен окуялар орун алууда? Жок дегенде болуп жаткан окуялардын укуктук, социалдык-психологиялык, ыймандык жактарын чечмелеп бергенге дараметтери жетпейби, же бул УИАнын илимпоздорунун кайдыгерлигиби? Башкасын айтпаганда да, булар президенттин “Инсандын руханий, адеп-ахлактык калыптануусу жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгы менен дагы деле тааныша элек окшойт. Болбосо ошол жарлыкты жүзөгө ашыруу үчүн жасалган иштерин көрмөкпүз да. Азырынча андай олуттуу демилгелер жокко эсе. Канатбек Адбрахматовдун башы деле оорубайт, анткени, илимдер академиясынын имараттарынын ижарасынан түшкөн оңой акчаны чекесинен “жеп” коюп отура берсе, жыргал эмей эмине? Мындай жанбактылардан качан арылабыз? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер