Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азамат Ногойбаев кайрадан мүдүрүлдү. Эми орун басарларын ала кетсин...

Азамат Ногойбаев кайрадан мүдүрүлдү. Эми орун басарларын ала кетсин...

01-август, 09:00
574 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ИИМдин өткөн коллегиясында Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүлүп, катаал чечим чыкканын эскертели. “Ээлеген кызмат ордуна татыктуу эмес” деген. Катар-катар сөгүштөрдөн соң бул акыркысы эле. Аныгында, Ногойбаевге сабак болбоптур. Кайрадан катачылыктарга жол берүүдө. 

Маселен, коллективин татыктуу деңгээлде башкара албаганын көрсөттү. Бишкек ШИИБнин кылмыш иликтөө башкармалыгынын опер кызматкери пара менен кармалды. Коллегиянын билдирүүсү боюнча өздүк курамдагылар мыйзамсыз жосундарга барышса, жетекчиси жана орун басарлары жооп берет. Реалдуулуктан алганда, Ногойбаев иштөөгө ниетсиз, командасы да жок экен. Тек гана убакытты өткөзүп, борбор калаабызды артка тартып келет. Орун басарлары да Кудайдан жөө качкан эргулдарбы? Айталы, Кылыч Жолдошов кылмыштуулукту ачууга жөндөмсүз, коммерсанттык психологиясы менен акчанын артынан түшкөнү жалганбы? Экинчиси Кашкар Жунушалиевдин бажасы Айбек Ажибаев болсо, кооз сүйлөп, бирок колунан эч нерсе келбей, кур дүрмөттө короздонуп, бийкечтер менен шапар тепкенге кыйынбы? Дагы бир орун басары Чынарбек Майлыбеков өзүнүн көлөкөсүнөн коркуп жүрсө, чечкинсиздиги баштан ашса, үркүп эле жатса кантесиңер? Айтор, түйүнү чечилбеген суроолор арбын. 

Ал эми шаар боюнча үч адамды өлтүрүү фактысы ачылбай калганы өкүнүчтүү. Жетекчилик шалаакылыктын жогорку чыңалуусун көрсөтүп жатса, өздүк курам кайдан иштемек эле? О.э. каракчылык, талап-тоноо, дээрлик укуктардын бузулуусу ж.б. кылмыштарга каршы күрөшүү көңүл жылытарлык эмес. Тилекке каршы, Бишкек ШИИБ майда-чүйдө алдамчылыктарга баш оорутуп, ушул жагынан жасалма статистика менен көз жазгырып, коомчулукту алдап келатканы кандай? 

Кыскасы, Азамат Ногойбаев орун басарлары Кылыч Жолдошов, Айбек Ажибаев, Чынарбек Майлыбаев жана дагы көңүлкош жетекчилери менен кошо кызматтарынан кетиши зарыл. Буларды мынчалык эч ким эркелетмек эмес. Чектен чыгышты. Туурабы? Сергек акыл менен ой жүгүртүп көрөлү да... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер