Бакыт Нурдинов: “Хабибулла Абдыкадырдын “Ыйман” мечитин курганы жакшы көрүнүш”
-- Бакыт мырза, Хабибулла Абдыкадыр Орто Азияда жок чоң мечитти жана медресени курууда демөөрчү болуп атат. Ушу боюнча оюңду уксак?
-- Кыргызстанда 2018-жылы эң чоң “Имам Саракси” мечитин түрк туугандар 30 миллион доллардан ашык каражатка куруп беришкен. Эми андан да эки эсе чоң көлөмдө Орто-Сай айылында “Ыйман” мечити курулганы жатат, аны уйгур улутундагы бизнесмен Хабибулла Абдыкадыр каржылаганы турат. Жакшы көрүнүш. Мечиттин пайдубалына президент Садыр Нургожоевич өзү барып капсула салды. Демек, бийлик бул ишти нары-бери салмактап көрүп, уруксатын берди да. Менин оюмча, мечитке ошол жерден орун бергени туура болду. Себеби, ошол тараптагы кичирайондордо мечит жок эле. Ал эми блогерлер айтып аткан каражаттын арам менен адалдыгын бир Жараткан өзү билет.
Кыргыздарда деле ошондой мечитти салып коё турган жигиттер бар, бирок андай каражатты Кудай үчүн коротуп, акыретине иштей тургандарды азырынча көрө албайбыз. Анткени алар кичине мечитти салгандан ары чыгалбай атат.
-- Орозо кармагандардын саны жыл сайын арбып келет. Анын ичинде атеисттер да модага айлантып алган жагдайлар жок эмес...
-- Орозонун пайдасын жыл сайын кармап көрүп, кийинки жылы туугандарын, балдарын кошо карматып көбөйүп атышат. Бул бизди кубандырат. Алла Таала айтат: “Адам баласынын башка убакта кылган амалдары өзү үчүн. Орозо – мен үчүн, жана анын сообун өзүм берем” деп.
Ушул хадис – кудсини түшүнгөн адам өзү эле орозо кармайт. Ал эми атеисттер мода үчүн кармап атса, кийинки жылы ыйманга келип, чын ниеттен кармашы мүмкүн. Пайгамбарыбыз (саллаллаху ва алейхи ва саллам) “динди адамдарга жеткирүүдө оорлотпогула жана кыйнабагыла” деген.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити