Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сасык тумоологондор арбып жатат, алардын көбү балдар. Министрлик эскертти

Сасык тумоологондор арбып жатат, алардын көбү балдар. Министрлик эскертти

14-июнь, 17:45
488 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда сасык тумоологондор арбып жатат, алардын жарымынан көбү балдар экендигин жугуштуу, паразитардык илдеттердин алдын алуу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева билдирген.

Анын айтымына караганда, 6-12-июнь аралыгында курч респиратордук вирустук инфекцияга чалдыккан 3404 учур катталып, өткөн аптага караганда бир пайызга көбөйгөн. Сасык тумоологондордун 77 пайызын 14 жашка чейинки балдар түзгөн.

"Курч респиратордук вирустук инфекциянын күчөшүн аба ырайынын өйдө-төмөн (күн 37 градуска чейин ысып, кайра кескин салкындап кетиши) болуп турушу шарттады. Мындай кырдаал организмдин коргонуу күчтөрүнүн түшүп кетишине алып келет. Чоң кишилер ооруп калганда санитарык-гигиеналык тартипти сактап үйдө жатпай басып жүрө берип, балдарга жана башкаларга жугузуп жатат" деген ал.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер