Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанга 223 мектеп курулуп бүткөндө гана өнүгүү боюнча оозансаңар жарашат

Кыргызстанга 223 мектеп курулуп бүткөндө гана өнүгүү боюнча оозансаңар жарашат

29-апрель, 00:25
855 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Министр Догдуркүл Кендирбаев республика боюнча 223 мектеп жетпей турганын айтты. Албетте, бул чоң көйгөй. Баарыбызга белгилүү болгондой, көпчүлүк жерлерде бир класста 40-50дөн балдар окуп жатышканы маалым. Мындай шартта кайдагы билим берүү? Эң кызыгы, өлкөнүн өнүгүүсүнө карата бийлик баканооздору менен парщиктери ар кандай көрүнүштөрдү айтып келишет. Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун, жолдордун салынышын ж.б. Булар өсүүнүн көрсөткүчү эмес. Ириде береги 223 мектеп курулуп бүтсө, билим берүүгө чыныгы шарт түзүлсө, мына ошондо Кыргызстандын өнүгүү жолуна түшкөнүн тартынбай айтсак жарашат. Натыйжада, бул маселе качан ишке ашат? Он же жыйырма жылдабы? Азырынча пландуу аракеттерди байкай элекпиз. Өкмөт качан гана мектеп көйгөйүн толук кандуу чечкенде, эл асында уялбай шерденип, мактансаңар жарашат.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер