Акыркы кабарлар
» Саясат » Равшан Жээнбеков баштаган айрым саясатчылар камактан чыгышы мүмкүн
Равшан Жээнбеков баштаган айрым саясатчылар камактан чыгышы мүмкүн
02-декабрь, 12:55
1 533 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоодо камактагы Равшан Жээнбековго добуш бергени кокусунан сүрөткө түшүп калып, талкуу жаралып кеткенден кийин комментарий берди. Албетте, бийик алкакта. Өзү да бир учурда саясый куугунтукка кабылганын эскертип, 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышууга түрмөдөн мүмкүнчүлүк албаганын, башынан көп сыноолор өткөнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган. Ооба, көпчүлүк катмар туура кабылдашты, айрым кытмырлар гана кыжынышпаса... Кызыктуу билдирүүлөргө караганда, Равшан Жээнбеков жана мамлекеттин туруктуулугуна шек келтирбеген айрым саясатчылардын түрмөдөн чыга турганы болжонуп, алардын ордуна башкалар отурары бекеринен эмеспи?
"Азия Ньюс" гезити