Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтобүбү Дөөлөтова, пульмонолог: “Коронавируска каршы туруп, канчалык тобокелдүү жерде иштебейли, тартип жана эрежени катуу сактоодобуз”

Токтобүбү Дөөлөтова, пульмонолог: “Коронавируска каршы туруп, канчалык тобокелдүү жерде иштебейли, тартип жана эрежени катуу сактоодобуз”

28-май, 11:41
935 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул жолку рубриканын коногу №6 шаардык оорукананын өпкө оорулар бөлүмүнүн башчысы, КР саламаттык сактоонун отличниги Токтобүбү Дөөлөтова болду. Ал 40 жылга жакын өзүнүн пульмонолог кесибин татыктуу аркалап келүүдө. Бүгүнкү күндө Токтобүбү айым кесиптештери менен биргеликте коронавирус илдети менен жан аябай күрөшүп жаткан учуру. 

-- Токтобүбү айым, сиздердин №6 шаардык оорукана качантан баштап казармалык режимге өтүп иштей баштадыңар? Буга таажывирус илдетинин тийешеси бар өңдөнөт?

-- Ушул күндөрдө Кыргызстан эле эмес, бүткүл дүйнөдөгү адамзат капыстан пайда болгон коронавирус илдети менен алек. Ушундан улам биздин №6 шаардык оорукана да четте калбастан 8-майдан баштап казармалык-карантин режими, жабык түрдөгү ишке өттүк. Биздин оорукана өпкөгө суук тийип, дене табы жогору болуп, демигип, күйүгүп, жөтөлүп аткан жалпы шаардык бейтаптарды кабыл алууда. Алардын анализдерин алып, аныктап, эгер анын ичинде COVID-19 вирусу чыгып, тыкыр изилденип тастыкталгандарын республикалык инфекциялык ооруканага жиберүүдөбүз. 

-- Ооруканада бейтаптар барбы?

-- Жыйырмага жетпеген бейтап жатат. Алардын жарымынын акыбалы оор, кошумча кычкылтек, антибиотиктин күчтүүлөрүнөн берип, жардам кылуудабыз. Отузга жакын бейтап тийешелүү дары-дармектерин алып, саламаттыктары жакшырып, айыгып чыгышты. Жети бейтаптан COVID-19 вирусу чыгып, алар которулду. 

-- COVID-19 вирусу барбы же бирөөнүн афералык долбоорубу? Буга сиз эмне дейт элеңиз?

-- Бул вирус чындап эле бар. “Жок” дегендер абдан жаңылышат. Пульмонолог катары бир мисал менен тастыктай кетейин. Буга чейинки өпкө оорулары менен азыркы COVID-19 илдетинен пайда болгон өпкө оорулары ортосунда асман менен жердей айырма бар экенин сездик. Мурун өпкө бир тараптан болуп, бөлүкчөсү же 1-2 сегменти жабыркап, пневмококк, стрептококк, андан сырткары микоплазма, хламидии ж.б. белгилүү бактерияларда коштолчу. Алар менен күрөшүп көнүп калганбыз. 

Эми COVID-19 вирусуна келели. Жаратылышта бери дегенде 20дан ашык семействосу болот экен. Ошонун 16 түрү ооруну чакырбай жөн эле кездешчү вирустар болчу. Ал эми төрт түрү бизде ушуга чейин сейрек, маал-маалы менен гана өпкө ооруларын чакырып келген. 2005-2012-жылдары SARS синдром, ТОРС (тяжёлый о́стрый респирато́рный синдро́м) синдрому делип бир учурлар болгон. Анда да иштеген элек. Азыркы болсо өзгөртүлгөн башкача түрү, мындайча айтканда, COVID-19 “L S” деген формалары бар экен. Биздин багыбызга жараша Кыргызстанга “L” формасы келип, вируска капташкандардын 80-85 пайызы жеңил түрүндө өтүп атат. 15 пайызы кооптуу, өпкөнү кошумча аба менен желдендирүү, кычкылтек менен камсыз кылуу жана күчтүү антибиотиктер колдонулуп атат. Ошого карабай вирустун агрессивдүүлүгүнүн натыйжасында иммунитетти түшүрүп, өпкөнү тез аранын ичинде бүтүндөй жабыркатып, кургатып жиберет экен. 

-- Сөзүңүзгө аралжы, COVID-19 вирусу менен тамашалашып кереги жок экен да?

-- Албетте! Ошон үчүн жалпы журтчулукка, элиме кайрыларым, бул оору чындыгында бар, “жок” деп айта албайбыз. Сактангыла, эл көп чогулган жерге барбагыла. Эки адамдын ортосундагы аралыкты кармагыла. Кажети жок көчөгө чыкпай, беткапты унутпагыла, колду тез-тез самындап жууп, антисептиктерди колдонгула. Туура тамактанып, иммунитетти көтөрө турган витаминдүү азыктар менен азыктангыла, рациондо сарымсак, пияз болуусу шарт. Бат-бат таза абада болуп, көнүгүүлөр менен машыккыла. Жогоруда айтылган эрежени сактап, ар бир адам жоопкерчиликти туя билсин. Оорубагыла, аман болгула!

-- Токтобүбү айым, иш учуруңузда вирустан коргонуучу атайын кийим-кече боюнча көйгөйлөр жокпу?

-- Казармалык-карантин режим, жабык түрдөгү ишке өткөндөн бери бир жолудан гана кийе турган кийим-кечелер менен толук кандуу камсыз болдук. Бул жагынан көйгөйлөр жок. Бизде “кызыл аймак” деп коёт. Ал жерге 4-6 саатка чейин киребиз. Инструкторлор ар бир доктурду кынтыгы жок катуу тартиптеги эреже менен кийиндирип, чыккандан кийин да эреже менен кынтыгы жок чечиндирет. Дагы бир жолу айтам, канчалык тобокелдүү жерде иштебейли, тартип жана эрежени катуу сактап, саламат сакчылыгында кызматтабыз.   

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер