Апамдын ушинтип эле жаштыгы өтүп, оорукчан болуп каларынан корком

Атам 8 жыл мурда кайтыш болгон. Апам 35 жашында калган. Кудайга шүгүр, эки иним бар. Маселе ушул эки инимде. Бирөө мектепте окуйт. Улуусу Россияда. Экөө тең апам менен сүйлөшүшпөйт. Камкордугу, мээрими жок уулдар болду. Апам өзү жебей, бизге жедирип, кийинтип чоңойтту. Апамдын аябай жалгызсырап кыйналып жүргөнүн сезем. Мен турмуштамын, убактылуу алыс жактамын. Кудайга шүгүр, жашообуз жакшы. Апамдын өзүнүн автоунаасы бар. Бардык эле нерсе жетиштүү, бирок апама аябай боорум ооруйт. Ар күнү иним менен урушат, кейийт, жүрөгү ооруйт. Инилерим мени такыр угушпайт. Улуусунан кабар жок, байланышпайт такыр. Апамдын ушинтип эле жаштыгы өтүп, карып, оорукчан болуп калабы? Ушундан корком. Мага жашоодо эң биринчи апамдын ден соолугу, жылмаюусу керек. Эмне кылсам болот? Кеңеш бериңиздерчи, сураныч?..
Нурай
"Азия Ньюс" гезити