Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу: “Көлбаев өлгөн соң, анын каражатын териштирүүгө эч кимдин укугу жок”


-- Эмнегедир Камчы Көлбаев өлгөндөн кийин эле эбегейсиз бай болуп чыга келди. Анын мынча байлыгы бар экени чын болсо, анда эмнеге көзү тирүүсүндө камалганда байлыктары ачыкталган эмес?
-- Камчы Көлбаевди өлтүрбөй тирүү кармаганга мүмкүнчүлүк бар болчу. Эмнегедир кармоо учурунда өлтүрүлдү. Ал “өмүрүмө кооптуулук жаралат” деп даярданып чыкпаганы мемиреп жатканынан эле көрүнүп турат. Эгер мынча байлыгы бар экени чын болсо, күмөн саноо жаратпай, өлтүрбөй эле кармап, соттун чечими менен байлыгын мамлекетке конфискация кылышса адилеттүү болмок.
“Камчы Көлбаевдин бар байлыгын мамлекетке конфискацияладык” дешкени менен анын акчаларын таба алышпайт деп ойлойм. Анткени, Камчы Көлбаев келесоо эмес да. Себеби, өз байлыгын үйүндө же кошунасыныкында сактабайт да. Эл аралык банктарда, чет өлкөлөрдө сактаса керек. Чындап эле ар кимди күчкө салып, байлыгын тартып алган болсо, тирүү кармап туруп, Интерпол аркылуу байлыгын издешсе болмок. Өлүп калган соң, анын каражатын эч ким териштиргенге укугу жок.
Көлбаевдин байлыгын мамлекетке өткөрүш үчүн биринчи сот иштери жүрүшү керек болчу. Анткени, биз укук талаасындагы мамлекетпиз. Ошон үчүн баары мыйзам чегинде болушу зарыл эле. Бизде болсо баары башаламан болду. Таңгалганым, Камчы Көлбаевди атып жатышса, ал жерде саламаттык сактоо министри менен башкы прокурор жүрдү. Ушу кантип болсун?!
-- Эмнегедир коомчулукта Камчы Көлбаевдин Путинден алган белеги да сөз болуп жатат го?
-- Мен Камчы Көлбаев Путинден эмне белек алганын уккан жокмун. Эгер Путинге бул кишини жолуктурушканы чын болсо, бул маалымат чыгып, эл аралык жаңжал болмок. Мунун баары чындыкка дал келбеген эле сөз болсо керек.
"Азия Ньюс" гезити











