Акыркы кабарлар
» Коом » Ден соолукка зыян алып келген тамак-аштар
Ден соолукка зыян алып келген тамак-аштар
01-декабрь, 11:48
3 023 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Биздин ден соолугубуз туура тамактануудан көз каранды. Ал үчүн күнүмдүк рациондук тамак-ашты пайдалуу жана экономдуу кылуу үчүн төмөнкү беш тамак-ашты өз рационуңуздан алып эле койгонуңуз оң.
Кайра иштетилип чыккан эттердин түрмөгү
Колбаса, сосиска жана бат даярдалган консервалардын түзүмүндө ири өлчөмдөгү тузду кездештирүүгө болот. Андан да эң зыяны – алардын курамындагы майлуулук кандын түзүмүндөгү холестеринди өлчөмүн көбөйүүсүнө алып келет.
Маргарин
Көптөгөн үй кожойкелери тамак-ашты үнөмдөө үчүн маргаринди көп колдонот. Бул да зыян экен. Анткени анын түзүмүндөгү майлар организмде тромбду пайда кылып, инфаркт жана инсульт ооруларын пайда кылат.
Майонез
Майонез – эң зыяндуу тамак-аштын катарын толуктайт. Аны тынымсыз колдонуу жүрөк кан тамыр жана тамак сиңирүүдө кыйынчылыктарды туудурат.