Баңгизат колдонгон күйөө менен жашап жатам...
Турмушка чыкканыма 10 ай болду. Беш жумалык боюмда бар. Жигитим менен 8 ай сүйлөшүп, турмушка чыккам. “Сүйүүнүн көзү сокур” дегендей, биз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндө эч нерсени элес албаптырмын. Эми баарын билип, бармагымды кырча тиштеп отурган кезим. Күйөөм клей жыттайт, баңгизат колдонот. Үйлөнгөнүбүзгө бир ай болгондо бул адаттарын билдирип баштады. “Качантан бери?” десем, “11-класстан бери” дейт. Көп жолу милицияга түшүп, кайра чыгыптыр. Кайненем болсо “бул адаттары сен келгенден бери башталды” дейт.
“Жалгыз уул” деп апасы аябай көзүн карайт. Бир да иштин өтөсүнө чыгып аткара албаганын эми байкадым. Ичим туз куйгандай тызылдап ачышат. Ыйлагым келет. Буулугам. Бул үйдөн карманаар, сүйөнөөр эч нерсе таппайм. А ичимдеги ымыркайым күн санап чоңоюп келет. Ата-энеме айтып, алардын жүрөктөрүн ооруткум келбейт. Тагдыр деген ушул экен. Ата-энем сунуштаган канча жигитти чандым... Коркунуч менен басмырлоо күн санап күч алып, эми жаным жай таппай чабалактап, күңүрт, арты караңгы, коркунучтуу күндөрдө жашап жаткан кезим.
"Азия Ньюс" гезити