Апамды тандайынбы же аялым менен эки баламдыбы? Кеңеш бериңиздерчи?

Азыр Токмокто турабыз. Аялым менен апам көп урушат. Мен жумушка кеткенде үйдөгүлөр уруша берет экен. Аялым апамды басынтып, сөз бербестигин да уктум. Апам бизге таарынып, айылга кетип калды. Аялым менен ажырашайын десем эки балам бар. Аларды кыйбайм эмне кылам? Аялыман сурасам, апам балдарды карабай жаткан имиш. Апам болсо "аялыңан тажадым, төрт жыл чогуу жашадыңар, төрт жылда жаман сөздөрдү айтты, сен үчүн унчукпай жүргөм” деди.
Неберелерин жыттап, эч нерсени билгизбей жүргөн апам катуу ызаланыптыр. Акыры чыдамы түгөнгөнүн түшүндүм. Үй-бүлөдөгү ажырашуулар ушундай келишпестиктерден чыгат тура.
Мага апалар, эже-карындаштар ушул абалдан үй-бүлөмдү бузбай кантип чыгып кете алам? Апамды кантип таштап, аялым менен жашайм? Кеңеш бериңиздерчи?!
Алтынбек