Акыркы кабарлар
» Коом » Коронавирус кайрадан көбөйө баштады
Коронавирус кайрадан көбөйө баштады
04-февраль, 09:19

![]()
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 3-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан бир адам каза тапты жана 116 кишиге вирус жукканы маалым болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1415 кишиге жетти. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 84 миң 762 адамга жетти. Андан айыгып чыккандардын саны 81 миң 232.
“Азия Ньюс” гезити











